Гүлдөгөн Ош аймагы сынагы жыйынтыкталды

22-Июнь 2017, Бейшемби

Кечээ, 21-июнда "Гүлдөгөн Ош аймагым – 2017" кароо-сынагынын жыйынтыгы чыгып, сыйлоо аземи болуп өттү. Ага Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев, Өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укутуу өкүлүнүн орун басары Ахмаджан Махамаджанов, мекеме-ишканалардын жетекчилери, шаар тургундары келип күбө болушту. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынан кабарлашты.

Алгач Ош шаарын гүлгө орогон мекеме-ишканалардын көргөзмөлөрүн шаар башчысы Айтмамат Кадырбаев бир катар жетекчилер менен кыдырып көрүп, ар бирине жеке токтолуп, шаардын көкүнө көрк кошуп жаткан кызматкерлерге ыраазычылык билдирди.

Андан соң, сынактын расмий бөлүгү башталып, шаар мэри Айтмамат Кадырбаев сөз сүйлөп, үч жыл аралыгында Ош шаарында эгилген гүлдүн саны 50 миң түптөн 1 миллионго жеткендигин баса белгиледи.

“Учурда Ош шаарында 900 миң түп гүл отургузулду. Ал эми жакынкы убакта анын саны 1 млн.дон ашат. Үч жыл аралыгында бул багытта 20% өсүү болду. Бул жалгыз мэриянын жана жашылдандыруу жана көрктөндүрүү комбинатынын гана эмес, жалпы шаардын көркүнө, сулуулугуна кайдыгер карабаган тургундардын эбегейсиз эмгеги деп билем”,- деди А.Кадырбаев.

Салтанаттын жүрүшүндө төмөнкү наминациялар боюнча дипломдор жана 5 миң сом өлчөмүндөгү акчалай сыйлыктар тапшырылды:

1.“Өзгөчө кооз бакча дизайны, кооз гүл клумбасы жана кооз газон өстүрүлгөн короо”;

2.“Эң кооз көрктөндүрүлгөн саламаттыкты сактоо мекемеси”;

3.“Эң кооз көрктөндүрүлгөн бала бакча”;

4.“Эң кооз көрктөндүрүлгөн баштапкы , орто, жогорку окуу жайлары”;

5.“Эң кооз көрктөндүрүлгөн көп кабаттуу жана жеке менчик үйлөр”;

6.“Эң кооз көрктөндүрүлгөн өкмөттүк жана жеке ишкерлердин мекемелери”;

Белгилей кетсек жалпысынан 28 мекеме-ишканалар, көп кабаттуу үйлөр “Гүлдөгөн Ош аймагы” сынагына катышты. Анын ичинен 5 ишкана Кара-Кулжа районунан. Бул иш-чара жылда өткөрүлүп келет.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!