​Кыргызстанда 800дөй качкын жашайт

20-Июнь 2017, Шейшемби

Акыркы 20 жылдын ичинде Кыргызстанда 500 чет өлкөлүк жаран качкын макамын алган. Бул тууралуу БУУнун качкындар иши боюнча аймактык кеңешчиси Урара Фурукава билдирди.

Анын айтымында, Кыргызстанда 500дөй чет өлкөлүк качкын бар. Анын көпчүлүгү Афганстандан келгендер, ошондой эле Сирия, Өзбекстан жана Ирандан да келгендер баасымдуулук кылат. Ошондой эле Россиядан, Пакистандан, Сомалиден, Тажикстандан жана Кытайдан келген качкындар да бар. Ал эми Кыргызстанга келип бирок качкын макамын ала элек 300дөй чет өлкөдөн келген жаран бар.

Маалымат катары, 20-июнь Дүйнөлүк качкындар күнү. Учурда Дүйнө жүзү боюнча качкындардын саны 65 миллиондон ашык.

Эскерте кетсек, Кыргызстан 1996-жылы 8-октябрда БУУнун качкындар макамы боюнча конвенциясына кол койгон.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!