Беш балалуу аялга жардам көрсөтүлдү

20-Июнь 2017, Шейшемби

Майлуу-Суу шаардык хатибияттын демилгеси менен Майлуу-Суу шаарынын жашоочусу, жалгыз бой Сатыбалдиева Гүлсарага 2725 сомдук тамак-аш азыктарынан жардам көрсөтүлгөндүгүн шаар хатиби Абсатар ажы Эркинбеков билдирген.Бул тууралуу Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Шаар хатибинин айтымында Сатыбалдиева Гүлсаранын жолдошу Мадиев Мамасалы кырсыктан улам көз жумуп, 5 бала атасыз калган. Балдардын эң кенжеси бир жарым жашта болсо, эң улуусу 10 жашта. Ал эми экөөсү мектеп окуучулары болгондуктан жардам күнүмдүк турмушка керектелүүчү азыктардан берилип, ун, кесме, май жана жер-жемиш азыктарынан берилген.

“Бул биз үчүн абдан кубанычтуу болду. Бизге окшогон канчалаган үйлөрдө жегенге нандары жок отурушат”,-дейт Сатыбалдиева Гүлсаранын балдары менен шаар хатибине ыраазычылык билдиришип, кайрымдуулук иштери муктаж адамдарга улантыла берсе деген тилегин билдирди.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!