​Ысык-Көлдүн интерактивдүү картасы ишке кирди

28-Июнь 2017, Шаршемби

“2ГИС”эл аралык маалымат тейлөө программасы Ысык-Көлдүн ажайып көрүнүктүү жерлерин даңазалаган интерактивдүү картаны ишке киргизди. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Тизмеге: капчыгай, шаркыратма, көл, ашуулар, музейлер, архитектуралык эстеликтер жана Ысык-Көлдүн жээгинде жайгашкан ыйык жерлер камтылган.

Тизмеде жаратылыш, архитектуралык жана жөнөкөй эстеликтер бар. Жалпысынан тизмеге 84 көрүнүктүү жер киргизилген. Алардын эң белгилүүлөрү бириктирилди. Тизмеде “Каракол”, “Семеновск”, “Григорьевск”, “Жети-Өгүз” капчыгайлары, “Өлүк көлү”, “Тамга-Таш” ташы, музейлер жана архитектуралык эстеликтер бар.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!