Сарлыкбек уулу: “Баалуулукту түрк элине таанытуу болду”

10-Авг. 2017, Бейшемби

Кечээ, 9-августта Түркиянын Стамбул шаарынын Сүтлүже аймагындагы сейил бакка Манастын айкели ачылды. Ага өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков баштаган кыргыз делегациясы, Стамбул шаарынын мэри Кадир Топбаш, элчилер катышты.

Айкелди орнотуу демилгесин кыргызстандык ишкер Темирлан Сарлыкбек уулу көтөрүп, эстеликке сарпталчу каражаттын баарын өз мойнуна алган.

Ишкер, меценант Темирлан Сарлыкбек уулу тарыхый Стамбулда Манастын айкелин тургузуунун максаты жана мааниси тууралуу “ZAMAN.KG” агенттигине ой бөлүштү.

“Эстеликти орнотуудагы башкы максатыбыз – кыргыз элинин баалуулуктарын тарыхый Стамбул шаарындагы боордош түрк элине таанытуу болду. Айкелди тургузуу долбоорун 1,5 жыл мурда баштагам. Алгач түрк бийлиги жана Стамбул шаарынын мэриясы менен жер тууралуу сүйлөштүк. Эстелик тургузулган жердин бөлүнүшүнө Стамбулдагы Кыргызстандын консулдугу көп салым кошту. Жерди алаарыбыз менен Бишкекте айкелчилердин арасында сынак жарыяладык. Айкелдин үлгүсүн тандоодо кыргыз эл баатыры Бексултан Жакиев, академик Абдылдажан Акматалиев, илимдин доктору Аскар Медетов жана “Саякбай манасчы” коомдук фонду иш алып барды. Бул иш бир жылга жакын убакытка созулду. Айкелчилер Садабек Ажиев, Токталы Мурзакаримов жана алардын командасынан турган 8 айкелчи сынакты утуп алып, 8 ай мурда Стамбулда айкелди тургузуу иши менен алек болушту”,-деди ишкер Темирлан Сарлыкбек уулу.

Ишкер айкелди орнотууга кеткен чыгымдардын баарын өзү каржылаган. Мындан сырткары кошумча чыгымдар да болгон.

“Айкелчилердин эки жолку Стамбулга учак билеттерин досторум каржылады. Айкелдин постаментин мрамордон тургузуу жана айлана-тегерегин жасалгалоого кеткен каражатты Түркиянын Бишкектеги элчилигинин суранычы менен Стамбул мэриясы каржылады. Мындан сырткары майда-барат иштерге ал жакта жашаган кыргыз атуулдары көмөктөштү. Ошентип жлапысынан 120000 АКШ доллары сарпталды”,-деп кошумчалады.

Бийиктиги 10 метр болгон айкелде атчан Манас колуна кылыч кармап турат.

Ишкердин бул эмгеги Манас тууралуу алгачкы иши эмес. Ал буга чейин “Манас – адамзат тарыхынын мурасы” деп аталган китепти кыргыз, орус, түрк жана англис тилдеринде чыгарган. Эмгек Казакстан жана Россияда маанилүү сыйлыктарга татыган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!