​“Кентавр” президенттин сыйлыгына татыды

13-Ноя. 2017, Дүйшөмбү, 11:39

“Кентавр” тасмасы Белоруссиянын президентинин “Тасмадагы гумандуулук жана руханийлүүлүк” үчүн сыйлыгына татыды. Бул тууралуу Кинематография департаменти билдирди

Маалыматка караганда, режиссёр Актан Арым Кубаттын “Кентавр” тасмасына аталган сыйлык “Листопад” кинофестивалынын жабылыш аземинде тапшырылды.

Ал эми кинонун режиссёру Актан Арым Кубат Мински шаарынан Мальтага жөнөп кетти. Ал жакта “Кентавр” тасмасы негизги сынакка катышат.

Тасма буга чейин бир катар эл аралык кинофестивалдарда сыйлык алган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!