"Ден-соолук-2018" спартакиадасынын жыйынтыгы чыкты

15-Янв. 2018, Дүйшөмбү, 16:00

Жалал-Абад мамлекеттик университетинин профессордук-окутуучулары жана кызматкерлери арасында өткөрүлгөн “Ден-соолук – 2018” аталышындагы кышкы спартакиадасынын жыйынтыгы чыгарылды. Жеңүүчүлөргө окуу жайынын ректораты сыйлыктарды тапшырды. Мыктылар Ысык-Көл облусунда болуучу “Ден соолук – 2018” спартакиадасына катышуучулар жолдомо алышты. Бул тууралуу ЖАМУнун ректоратынан билдиришти.

Спартакиадага окуу жайдын 360дан ашуун кызматкерлери катышып, спорттун алты түрү боюнча 9 команданын ортосунда таймаш жүрдү: алар - кичи футбол, стол үстүндөгү тенис, тогуз коргоол, шахмат, аркан тартыш жана волейбол оюндары.

Оюндун жыйынтыгы чыгарылып, жалпы командалык биринчи орунду Жалал-Абад колледжи ээлеп, 10000 (он миң) сом акчалай сыйлыкка ээ болду. Ошондой эле экинчи орунду Медициналык колледж багындырып, 9000 (тогуз миң) сом ыйгарылды. Ал эми үчүнчү орунду ректорат багындырып, 8000 (сегиз миң) сом алса, төртүнчү орун Педагогикалык факультетине берилип, 7000 (жети миң) сом акчалай сыйлык алышты. Андан сырткары, калган катышуучу командаларга 2000 (эки миң) сомдон кызыктыруучу сыйлыктар тапшырылды.

ЖАМУнун ректору Кеңешбек Үсенов оюнчуларды спорттук майрамы менен куттуктап, аларга ден соолук каалап өттү.

-“Ден соолук – 2018” спартакиадасы университеттин жалпы жамаатынын ортосундагы биримдикти, ынтымактуулукту чыңдайт. Биримдикке жараша ийгиликтер, жетишкендиктер жаралат. Ушул жылы окуу жайдын 25 жылдык мааракеси болот. Юблейде да спорттук оюндар уюшулат, иш чарага башка жогорку окуу жайлардан келген катышуучулар менен таймаш өткөрүп, ийгиликтерге жетебиз, – деген оюн билдирди ал.

Ал эми бул мелдештердин жыйынтыгы менен мыктылардын мыктысы тандалып, 2018-жылдын июнь айында Ысык-Көл облусунда болуучу “Ден соолук – 2018” спартакиадасына катышуучулар жолдомо алышты.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР
Орток декларация: Укуктун үстөмдүгүн талап кылабыз
Орток декларация: Укуктун үстөмдүгүн талап кылабыз
Милиция кызматкери башында турган кылмыштуу топ пара менен кармалды
Милиция кызматкери башында турган кылмыштуу топ пара менен кармалды
«Сулайман-Тоо» комплексинин макамынын сакталышы көзөмөлгө алынат
«Сулайман-Тоо» комплексинин макамынын сакталышы көзөмөлгө алынат
​Месси “Дэвис Кубогунун” инвесторлорунун бири болду
​Месси “Дэвис Кубогунун” инвесторлорунун бири болду
Уруксаты жок туристтер Эверестке чыга албайт
Уруксаты жок туристтер Эверестке чыга албайт
​Футболчу оюн учурунда каза болду
​Футболчу оюн учурунда каза болду
Казак журналисти текебер шаардыктарга нааразы болду
Казак журналисти текебер шаардыктарга нааразы болду
Дубалдын айынан өзгөчө кырдаал кирет
Дубалдын айынан өзгөчө кырдаал кирет
Калдык сактагычтарды рекультивациялоо маселеси талкуулады
Калдык сактагычтарды рекультивациялоо маселеси талкуулады
Куудулдар Ысык-Көлдүн элине күлкү тартуулашат
Куудулдар Ысык-Көлдүн элине күлкү тартуулашат
​Футболчуну акыркы сапарга узатуу зыйнаты өтөт
​Футболчуну акыркы сапарга узатуу зыйнаты өтөт
Айпери Кубик кызы президент тууралуу түшүн жорутууда
Айпери Кубик кызы президент тууралуу түшүн жорутууда
​Көк-бөрү боюнча эл аралык мелдештердин эрежеси өзгөрдү
​Көк-бөрү боюнча эл аралык мелдештердин эрежеси өзгөрдү
Рыскелди Момбеков: “Бийлик миң кишинин үйүн сүрдүрө албайт” (видео)
Рыскелди Момбеков: “Бийлик миң кишинин үйүн сүрдүрө албайт” (видео)
​Лев Яшин тарыхтын мыкты дарбазачысы аталды
​Лев Яшин тарыхтын мыкты дарбазачысы аталды
Путин манжасын оорутуп алды
Путин манжасын оорутуп алды