Силкинүү күчү 7 баллга жеткен жер титирөө болду

3-Май 2017, Шаршемби

Кыргыз-тажик чек арасында 7 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, бүгүн 3-майда жергиликтүү убакыт боюнча 10:47де Кыргызстанда Сейсмология институтунун сейсмостанциясы очогунда күчү 7 баллга жеткен жер силкинүүнү катталган.

Сейсмология институтунун алдын ала маалыматтары боюнча, жер титирөөнүн очогу Тажикстандын аймагында Карамык айылынан түштүк-батышка 47 км, Шибээ айылынан түштүк-батышка 55 км, Баткен шаарынан түштүк-чыгышка 120 км, Ош шаарынан түштүк-батышка 192 км жерде жайгашкан.

Кыргызстандын калктуу аймактарында жер титирөөнүн күчү Шибээ, Карамык айылдарында – 5 балл, түштүк облустун айылдарында – 4 баллга жетти. Кыйроолор тууралуу маалыматтар түшкөн жок. Кошумча маалымат берилет.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!