Байлыкка жетүүнүн жолдору барбы?

Байлыкка жетүүнүн жолдору барбы?
27-Июнь 2017, Шейшемби

“Акчаны кантип туура сарптап жана үнөмдөө керек? Бир айлык жашообуздун керектөөсүнөн арткан каржы корундагы каражатты кандай иштерге жумшап көбөйтсө болот?” деген суроолорго жооп издеп көрөлү.

Акчаны сарптоо жана үнөмдөө

Айлык алган күнү акча каражатын дароо бөлүштүрүп алуу керек. Мисалы, 15 миң сом айлык алсаңыз, анын 5 миң сомун тамак-ашка, 5 миң сомун кийим-кечеге, керектүү буюм-тайым алганга, 2 миң сомун жол киреге жана телефонго бирдик салганга деп өз-өзүнчө тактап алыңыз. Ошондо баарына жете турган бир айлык чыгашанын жалпы суммасы 12 миң сомду түздү. Капчыкта дагы 3 миң сом бар. Эми бул каражатты кайда жумшайбыз?

Колубузда кичине ашыкча тыйын болуп калса эле кафе, кинотеатр, кыскасы, көңүл ачууга коротобуз. Муну менен сиз өзүңүздүн каржылык абалыңызды жакшыртууга болгон мүмкүнчүлүктү коё берип жиберүүдөсүз. Караңыз, концертке, кинотеатр, кафе, ресторандарга барганда сиздин акчаңыз алардын ээлеринин чөнтөгүнө түшөт. Бир айлык жашооңуздан ашкан анча-мынча тыйынды болор-болбос көңүл ачууга кетирип салдыңыз. Ушундай жол менен кете берсеңиз, 10 жылдан кийин да каржылык абалыңыз ушул бойдон калат. Андыктан бир айлык керектөөдөн ашкан тыйынды топтоп, өзүңүздүн каржы коруңузду түзүңүз. Бул келечекте сизди өзүңүз күтпөгөн кирешеге маарытат. Кантип?

Каржы корундагы каражатты көбөйтүү

Каржы корун түзүп, ага ай сайын 15 миң сом айлыгыңыздын билинер-билинбес 20 пайызы болгон 3 миң сомду салып туруңуз. Эгер айына 3 миң сомдон чогултсаңыз, 1 жылда 36 миң сом болот. 3 жылда 108 миң сом. Ушул эле каражатты жөн эле чогулта бербестен, жылына 20 пайыз пайда алып келе турган ишке салсаңыз, 3 жылдан кийин 133 135,8 сом болот. Каржы корун жылдык пайыз менен көбөйтүү үчүн мүмкүнчүлүктөр:

Банкка акча салуу (депозит)

Баалуу кагаздарды сатып алуу (акция, облигация)

Мамлекеттик баалуу кагаздарды сатып алуу

Кымбат баалуу металлдарды сатып алуу

Каржы корун түзүп жатканда алдыга сөзсүз бир максат коюу керек. Мисалы, “10 жылдан кийин бул чогулган каражатка унаа алам же балдарымдын окуусуна жумшайм” деп. Эгер белгилүү бир максатыңыз болбосо, каржы корундагы каражатты бир күнү башка бир иштерге жумшап жиберип, келечектеги каржылык абалыңыздын жакшырышынан кол жууп калышыңыз мүмкүн. Андыктан бир айлык керектөөдөн ашкан 3 миң сомду көңүл ачууга эмес, каржылык абалыңыздын жакшырышына жумшаңыз.

Экономикалык сөздүк

Акция – баалуу кагаз. Компаниянын акциясын сатып алуучу акционер деп аталып, анын тең ээси (совладелец) болот. Компанияга түшкөн пайданы акционерлер бөлүп алышат.

Облигация – баалуу кагаз. Облигациянын ээси компанияга карыз берүүчү болуп саналат. Акциядан айырмасы, компания иштебей токтоп калса да, облигация ээси төлөнүүчү пайданы алып турат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!