Көчөт отургузуудагы кеңештер

Көчөт отургузуудагы кеңештер
13-Март 2018, Шейшемби, 09:47

Помидор

1. Помидор жылуу жерди талап кылуучу жашылча. Күндүз жылуулук 22-23, ал эми түнкүсүн 17 градустан ылдый түшпөшү керек. Жеңил үшүккө да туруштук бере албайт. Эгер аба ырайы бузулаарын алдын ала билсеңиз, дароо клеёнка менен үстүн жаап, алдын таш менен бастырып койгонуңуз оң.

2. Помидордун уругун алгач чакага же жыгачтан жасалган атайын гүлдүн идиштерине сээп, тамыр байлап топурактан сабагы чыкканча 40-45 күн үйдө багасыз. Бул учурда көчөт болжол менен 10 сантиметр бийиктикке чейин өсөт. Андан соң сыртка отургузса, көчөт эч кандай тоскоолдуксуз чоңоёт.

3. Тоң кеткенден үч жумадан соң, топурактын жылуулугу 10 градустан ашканда көчөттү отургуза берсе болот. Жапыз өскөн помидордун көчөттөрүнүн аралыгын 30, жөөктүн аралыгын 60 сантиметр кылып отургузасыз. Ал эми бойлуу өскөн помидорду аралыктарын шахмат түрүндө 1 метрден кем эмес тигесиз. Бул помидордун бири-бирине тоскоолдуксуз өсүшүнө жакшы болот.

4. Помидорго күн тийип турган маалда жумасына бир жолу суу куюңуз. 20 күндө бир түбүн жумшартып турганыңыз оң. Көчөттүн бою өсүп сабактарын көтөрө албай калганда шагы сынып калбас үчүн казык кагып жип менен өйдө көтөртүп коюңуз. Помидор түрүнө жараша бышкан убактысы да бар. Мисалы, 105 күндөн 120 күнгө чейин.

Болгар калемпири

1. Болгар калемпиринин уругун февралдын аягы марттын башында идишке сээп көчөттү даярдайсыз. Себээрден мурда урукту кездемеге ороп, термоздогу 53 градус кайнатылган сууга 15 мүнөт салып коёсуз. Андан соң кездемедеги урукту сарыктырып, кездемеси менен бир күн-түн муздаткычка салып коюңуз. Эртеси дароо себе баштасаңыз болот. Урукту дароо жерге себүүдө ал 15-20 күн кеч өөрчүп, түшүмдү аз берет жана отоо чөп менен күрөшүү кыйынга турат.

2. Нымдуу топурак салынган идишке чуңкурча жасап, ар бир чуңкурчага үч даанадан урукту салып көмөсүз. Анын үстүнөн 3-4 сантиметр калыңдыкта топурак жаап, жылуу суудан жайылтып куюңуз. Идишке желим баштык кийгизип туруп күнөстүү жерге, терезеге жайгаштырыңыз. 28-30 градус топурактын жылуулугунда урук өөрчүп чыгат. 40 градустан жогору болсо өлүп калат.

3. Өсүп чыккан көчөттү апрель айынын башынан баштап сыртка отургуза бериңиз. Көчөттү үй температурасындагы жылуу суу менен сугарып, түбүн жумшартып туруу шарт. Калемпирдин сабагы 21-28 градус жылуулукта өөрчүп-өсөт. Ал жылуулукту жана жарыкты сүйөт.

Малина

1. Жердин тереңдигин 35, диаметрин 35-40 сантиметр кылып казып, жумшартабыз. Бул жерди көчөттү отургузуудан 2-3 жума мурда даярдоо керек.

2. Көчөттүн тамырынын куурап калган жерлерин кыркып салып, бийиктиги болжол менен 15 см көчөттүн баш жагынан кыйгачтата кесип койсо тез тамыр байлайт.

3. Малинаны күзүндө, жазында отургузса болот. Бул жемишти жөөк кылып тиксе терүүгө да, ошондой эле багууга да ыңгайлуу. Жөөктүн аралыктары 1 метрден 1,5 метрге чейин болгону дурус. Көчөт отургузулчу жөөк түз болуш үчүн баш-аягына казык кагып, ага жип байлап теңдеп алабыз. Андан кийин жипти бойлоп аралыктарын 60 сантиметрден ылайыктап көчөттү отургузабыз. Отургузуп бүткөн соң 1-2 чака сууну жайылта куюп коёбуз. Андан соң ашыкча чөптөрүнөн арылтып, топурагын кургатып жибербей маал-маалы менен сугарып турасыз.

Кулпунай

1. 5 жылдан ашык бир жерге отургузулган кулпунай түшүмдү жакшы бербейт. Андыктан, мурда буурчак, түрп, редиска, петрушка, төө буурчак, сарымсак айдалган жерге кулпунай отургузса жемиши мол болот.

2. Алгач жерди 15-20 сантиметр тереңдикте казып, чымдарды тазалоо керек. Кулпунай өтө назиктикти талап кылгандыктан, көчөттү жерден казып алаарда күрөктү тамырына тийгизбей түбү менен алабыз да суу куюлган чылапчынга 2 саат салып коёбуз.

3. Кулпунайдын көчөтүн апрель, август же сентябрь айында күн чыккычакты же күн баткан маалда отургузуу керек. Жөөктүн аралыгын 80-90, ал эми көчөттөрдүн аралыгын 25 сантиметрден кылып, казылган жерге кичине суу куюп отургузулат.

4. Өсүп жаткан кулпунайдын мурутчалары жайылып кетпеш үчүн ашыкчаларын кесип салабыз. Жаңы тамырдын өсүп чыгышына ыңгайлуу мурутчаларды жөөккө жайгаштыруу керек. Утур чыккан отоо чөптөрүн жулуп, кулпунайдын түбүн жумшартып туруу шарт.

Бадыраң

1. Бадыраңдын уругун да помидордуку сыяктуу идишке сээп көчөтүн үйдө даярдап алабыз.

2. Жердин жылуулугу 12 градустан жогору болгон соң көчөттү сыртка чыгарып отургуза баштаса болот. Аралыгын шахмат түрүндө 15-20, тереңдигин 6 сантиметр кылып отургузуу шарт.

3. Мүмкүн болушунча топурактын үстүңкү катмарын кургатып жибербеш керек. Бадыраң жылуу сууну сүйгөндүктөн, күнүгө жылуу суу менен сугарып туруу зарыл.


Карагат

1. Карагатты эрте күздө тигүү талапка ылайык. Жердин тереңдигин 40, диаметрин 50 сантиметр кылып казып, жумшартабыз. Казылган чуңкурга көчөттү отургузуудан мурда кангыча суу куюлат.

2. Тамырлары жакшы өөрчүш үчүн аралыктарын 1 метрден 1,5 метрге чейин шахмат түрүндө отургузуу керек. Отургузулган карагатка жумасына бир жолу суу куюп туруу зарыл. Карагат биринчи жылы түшүм бербейт, ошондой эле багууда көп түйшүктү жаратпайт. Түшүм бере баштагандан тартып өзгөчө тейлөөнү талап кылат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!