Чайдын чамасы эмнеге пайдалуу?

Чайдын чамасы эмнеге пайдалуу?
13-Ноя. 2017, Дүйшөмбү, 09:55

Чайдын чамасын кадимки эле гүл өстүргөн идишке салып койсо, топурактын нымдуулугу көпкө сакталат. Ошондой эле ал семирткич катары да жакшы натыйжа берет.

Чайдын чамасын кургатып коюп, от жакканда отун-ичеги катары пайдаланса болот.

Кургатылган чаманы ташкөмүргө аралаштырып жакса, оттун табы көпкө сакталат.

Ар кандай айнек идиштер менен күзгүлөр, терезелер кирдеп калган учурда аларды чайдын чамасы чыланган суу менен сүртсө, тез тазарып, туптунук болуп калат.

Кургатылган чаманы ар кандай жагымсыз жыт жыттанган жерлерге, маселен, дааратканаларга төгүп туруп күйгүзүп жиберсе, жагымсыз жыт дароо жоголот.

Жагымсыз жыттанып калган идиш-аяктарды чайдын чамасы салынган сууда 10 мүнөттөй кайнатса, жыты оңолуп калат.

Кургак чаманы жаздыкка салып койсо, жаздык тер жыттанбай, ары жумшак, ары жагымдуу жытка ээ болот.

Эгерде бөлмөнүн ичине чайдын чамасын түтөтүп койсо, ал жерге чымын-чиркей жолобойт.

Жумуртка бышыруучу сууга чайдын чамасы менен туз кошуп койсо, жумуртка өтөт даамдуу болот.

Сарымсак же пияз жегенден кийин ооздун ичи жыттанып калса, кургак чайды чайнаган пайдалуу.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!