Эс тутумду жакшыртуу үчүн...

Эс тутумду жакшыртуу үчүн...
19-Апр. 2017, Шаршемби

Адам баласы 20 мүнөт ичинде эстеген маалыматтардын 30 пайызын, ал эми жарым саатта 50 пайызын унутуп калат экен. Андай болсо эс тутумду кантип жакшырта алабыз?

1. Көнүгүү

Табышмактар, логикалык суроолорду чечүү, ырларды жаттоо, чет тилдерин үйрөнүү-мээнин жумуш иштөөсүнө арналган эң жакшы ыкмалардын бири. Булар пайдалуу жана жеңил ыкмалар.

2. Жүзүм ширеси

Күндөлүк тамактануу рационубузга жүзүм ширесин кошсок, эске сактоо мүмкүнчүлүгүбүз 20 пайызга жакшырат. Жүзүм ширеси кочкул кызыл (фиолетовый) болушу керек. Анын курамында мээнин иштөөсүн жакшыртуучу антиоксиданттар көп.

3. Физикалык активдүүлүк

Жөө жүрүү, жүгүрүү менен бийлөө - денени машыктыруу, эсте сактоо мүмкүнчүлүгүн жакшыртуучу ыкмалардын бири. Мындай активдүүлүк эске сактоодо жардам берчү клеткалардын пайда болушуна өбөлгө түзөт.

4. Сүйлөө

Эгер биз телефон номерин, үй дарегин же болбосо бирөөнүн аты-жөнүн сүйлөп, үн чыгарып айтсак мээбиз ошону жаттап калат. Бул жазып алуу ыкмасына караганда тез жүзөгө ашуучу кубулуштардын бири.

5. Уйку

Жакшы уйку– ден соолуктун кепилдиги. Уйкусун кандырган адамдардын өмүрү узун болот. Уктап жаткан кезде организм бошоңдоп, эс алат. Жашартуучу гормондордун кызматы тезден иштелип чыгат. Уйкусу канган организм маалыматты 2 эсе жакшы эсте сактайт.

6. Релаксация

Медитация, йога жана укалоо ойду бир жерге жыйнактоого, эске сактоодо жакшы таасир берет.

7. Көзгө арналган көнүгүү

Эгер күндө эртең менен 30 секунд бою көзүңүзгө көнүгүү жасап турсаңыз, эс тутум 10 пайызга жакшырат. Бул окумуштуулар тарабынан далилденген.

8. Байланыш

Эске сактоо ыкмаларынын бири- чындыкты бири-бири менен байланыштыруу (ассоциация).

9. Туура тамактануу

Туура тамактануу эске сактоого бирден-бир таасир берет. Эң алгач антиоксиданттарды кабылдоо керек. Кара өрүк, жаңгак, кызылча, цитрус өсүмдүктөрү, кара булдүркөн менен мейизди көбурөөк жеп туруу кажет.

10. Витаминдер

Пайдалуу витаминдер – В тобундагы витаминдер болуп саналат. В12 витамини (балык, эт, жумуртка, тоок эти) жетишпесе эске сактоо мүмкүнчүлүгү жабыркайт. Бул витамин жумуш иштөөдө жардамчы болуп саналат. Ошондой эле С, Е витаминдерин да кабылдап турууну унутпашыбз керек.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!