Китепти эмне үчүн окуйбуз?

Китепти эмне үчүн окуйбуз?
1-Март 2018, Бейшемби, 12:45

Китеп – адамдын эң ишенимдүү шериги. "Китеп окубаймын, себеби баарын окуп бүттүм" деген начар адамдын гана сөзү. Адам китеп менен байыйт, таанып-билүүсү кеңейет, керек болсо башка адамга айлануусу мүмкүн. Сиз эмне үчүн китеп окуйсуз?


1. Дүйнө таанымды кеңейтүү үчүн. Түрдүү темадагы китептер адамды ар тараптан өнүктүрөт. Ой жүгүртүүсүн кеңейтип, башка жактан таанытат.

2. Кыялыбызды орундатуу үчүн. Кыял – балалык чактан сиңген дары. Бала чакта кыял, укмуштуудай окуяларга толгон чыгармаларды окуунун пайдасы күчтүү. Реалдуу жашоодон кыялга, кыялдан чындыкка оңой алмашып, калыптануусуна жакшы жардам берет.

3. Адамдар тууралуу көп билүү үчүн. Көркөм чыгармаларда кездешкен ар бир каармандын прототиби жашоодо да кездешет. Алардын сөздөрү, кыймыл-аракеттери, кыялы, мүнөзү окурманга белгилүү бир деңгээлде таасир берет.

4. Жаңы кызыгуучулукту ойготуу үчүн. Мисалы, чыгармада каарман археолог болсо же сүрөт жыйноо менен алектенсе, окурман анын кызыгуучулугуна көңүл кош карабаса, анда бул жаатты дагы жаңы кырдан таанууга мүмкүндүк бар деген сөз.

5. Мыкты маектеш. Көп окуган адам эч качан зериктирбейт. Анткени, анын айтар сөзү көп болот эмеспи. Ар кандай темада оюн эркин айтып, аргументтер менен далилдеп сүйлөп берет.

6. Тажрыйба алуу үчүн. Бирөөнүн катачылыгы башка бирөөнө сабак. Автордун көргөн-билгенин сиз да биле жүрөсүз. Ал үчүн автобиографиялык китептерди окууга кеңеш беребиз.

7. Ак менен караны ажыратуу үчүн. Окуган китептин ичиндеги ак менен караны ажыратуу үчүн да интеллектуалдык билим керек. Демек, бир нерсени билиш үчүн көптөгөн китеп окуш керек.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР
ИИМ: митингге катышкан 21 жаран милицияга жеткирилди
ИИМ: митингге катышкан 21 жаран милицияга жеткирилди
Brexit боюнча 5 суроо: Эми эмне болот?
Brexit боюнча 5 суроо: Эми эмне болот?
Момбеков: Эл буларга түкүрүп жатса, булар бизге түкүрүп салды (видео)
Момбеков: Эл буларга түкүрүп жатса, булар бизге түкүрүп салды (видео)
Разаков: “Жаӊы 5 кодекс жана 2 мыйзам ишке киргизилди
Разаков: “Жаӊы 5 кодекс жана 2 мыйзам ишке киргизилди"
Учкуч учакка терезеси аркылуу кирүүгө аракеттенди (видео)
Учкуч учакка терезеси аркылуу кирүүгө аракеттенди (видео)
 Кан басымыңыз көтөрүлсө
Кан басымыңыз көтөрүлсө
​Инстаграмдагы эң атактуу мушкер ким: Хабиб же Конорбу?
​Инстаграмдагы эң атактуу мушкер ким: Хабиб же Конорбу?
“Коопсуз шаар” боюнча орнотулган камералардын баасы 30 миң долларбы? (видео)
“Коопсуз шаар” боюнча орнотулган камералардын баасы 30 миң долларбы? (видео)
Ырчы Райхан Абдувалиевадан жыгач ваза
Ырчы Райхан Абдувалиевадан жыгач ваза
Коопсуз шаар: Жол эрежесин бузгандарга протоколдор жеткириле баштайт
Коопсуз шаар: Жол эрежесин бузгандарга протоколдор жеткириле баштайт
Депутат:
Депутат:"Калктан электрдин акысын мыйзамсыз алуу жосуну уланууда"
Кытайдын жаңы технологиядагы куралы көпбү?
Кытайдын жаңы технологиядагы куралы көпбү?
Эркектер менен аялдардын психологиясы
Эркектер менен аялдардын психологиясы
МАККББ кызматтык ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгын чыгарды
МАККББ кызматтык ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгын чыгарды
Шайназаров:
Шайназаров:"Айдарбеков туристке айланып калды, барбаган өлкөсү калган жок"
Роботторду ишке алган мейманкана жарым кызматкерин жумуштан кетирди
Роботторду ишке алган мейманкана жарым кызматкерин жумуштан кетирди