Ханзада Гарри эми азык-түлүк уурдабайт

Ханзада Гарри эми азык-түлүк уурдабайт
7-Дек. 2017, Бейшемби, 15:01

"US Weekly” маалымат булагы билдиргендей, ханзада Гарри агасы Уильямге Меган Маркл менен боло турган үйлөнүү тоюнда күйөө жолдош болуусун суранган.

«Гарринин бир нече жакын досу бар, бирок ал бул милдетти ар кимге тапшыра бербестиги белгилүу болгон, ошондуктан агасы Уильямдин ушул кадырлуу милдетти аткаруусун суранган», - дейт басылма.

Ошондой эле, Уильям өз инисинин келечектеги никеси тууралуу эмоциялары жана маанайы менен бөлүштү:

«Биз баарыбыз өтө кубанычтабыз жана ушундай өзгөчө күндө бакыт тилейбиз. Мен үчүн бул өзгөчө бакыт, анткени Гарри менин муздаткычыма барчу жолду унутуп, азык-түлүктөрдү уурдаганды коёт», - деп жылмайды ал.

Эскерте кетсек, ханзада Гарри менен Меган Маркл 2016-жылдан бери сүйлөшүп келишет. Үйлөнүү ниеттери бар экени тууралуу актриса менен ханзада 2017-жылы кабарлашкан эле. Жубайлардын тою 2018-жылдын 26-майына белгиленген.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!