Шумахердин уулу ата жолунда

Шумахердин уулу ата жолунда
6-Янв. 2018, Ишемби, 02:09

«Формула-1дин» 7 жолку чемпиону Михаэль Шумахердин баласы Мик Шумахер атасынын саламаттыгын сурап, колдогон бардык адамдарга ыраазычылыгын билдирди. 18 жаштагы “Формула-3” боюнча европанын чемпиону Мик “ - айланабыздагы боорукер адамдардын бар болгондугу, баарыбызды кубандырып, ооруп жаткандарга кадимкидей жандуу үмүттөрдү жаратат”-деди.

Михаэль Шумахердин баласы Мик Шумахер 2017-жылдын октябрь айынын баштап, европанын Формула-3 сезонуна катышат. Былтыркы жылы Мик толугу менен Италиянын “Формула-3” жарышында болгон.

Эскерте кетсек “Формула-1” сериясындагы автожарыштардын 7 жолку чемпиону Михаэль Шумахер 2013-жылы декабрь айында Францияда эс алууда кырсыкка кабылган. Ал лыжа тээп баратып баш мээсинен оор жаракат алып, ооруканага жаткырылган. Ал учурда Швейцарияда дарыгерлердин көзөмөлүндө. Саламаттыгы боюнча так маалыматтар жок. Болгону апта сайын 120 миң долларга жакын каражат сарпталып жатканы айтылууда.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!