​Месси жетим балдарды колдонду

​Месси жетим балдарды колдонду
19-Янв. 2018, Жума, 11:28

Аргентина курама командасынын жана "Барселонанын" чабуулчусу Леонель Мессинин үстүнөн тергөө иштери башталды. “Der Spiegel” журналынын маалыматына караганда атактуу футболчу кайрымдуулук оюндарын өткөрүү менен акча жашыргандагын жазып чыкты. Испания укук коргоо органдары 2012-жылдагы “Мессинин достору” аттуу кайрымдуулук иш чаралары тууралуу толук материалдарды топтогон. Анда Мессинин дүйнө боюнча балдар үйлөрү жана муктаждарга 6,9 млн доллар жумшаганы айтылган. Бирок кайрымдуулук иш-чараларына болгону 300 миң доллар өлчөмүндө гана каражат кеткен. Ал эми калган акчаларды балдардын атын атын жамынып, жашыргандыгын айтылууда. Учурда футболчу калган акчалар кайда жумшалгандыгын тастыктай албай жатат.

Мындан тышкары испаниянын басма сөз каражаттары Лионеля Месси Фонду 10 миллион еврого жакын кирешелерди жашыргандыгын жана Мессинин салык төлөбөгөндүгү боюнча жаңжалды байма-бай чагылдырышууда.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!