​Неймардын “Реалга” өтүү шарттары айтылды

​Неймардын “Реалга” өтүү шарттары айтылды
27-Янв. 2018, Ишемби, 13:36

Бразилиялык футболчу жана француздардын “ПСЖ” клубунун чабуулчусу Неймарды талашуу дагы эле уланууда. Эгерде Неймар 2017/2018 сезондо “ПСЖ” клубунун Лига чемпиондугуна көтөрүүгө жардамдашса анда “Реал” клубуна кетүүгө жол ачылат. Бул туурасында батыштын басылмаларына таянып "Ленты.ру" сайтты кабарлады. Маалыматка ылайык француздардын “ПСЖ” клубунун президенти Нассер Аль-Хелаифи форвар футболчуну 2018-жылы жыйында жеңишке жетишкен учурда гана Испанияга жөнөтөөрүн убада кылган.

Өткөн жумада эле "Манчестер Юнайтед" жана “Реал Мадрид” эки футболдук клуб тең француздардын “ПСЖ” футбол клубунун чабуулчусу Неймарга 500 миллион евро төлөп берүүгө даяр экендигин билдиришкен. 9-январда спорт изилдөө борбору (CIES) 25 жаштагы Неймарды 213 миллион еврого баалап, дүйнөнүн эң баалуу футболчу деп атаган.

Эсиңиздерге сала кетсек “Барселонанын” мурдагы чабуулчусу Неймар француздардын “Пари Сен-Жермен” клубуна 2017-жылы августь айында өткөн. Анда оюнчу француз клубу менен 5 жылдык келишим түзгөн. Ал эми трансфер 222 миллион еврону түзүп, футбол тарыхында рекорд койгон.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!