Кыргызстан 48 медаль менен 11-орунда

Кыргызстан 48 медаль менен 11-орунда
25-Сен. 2017, Дүйшөмбү, 09:40

Азыркы тапта Түркмөнстандын баш калаасы Ашхабад шаарында Азия оюндары кызуу өтүп жаткан учуру. Бул мелдеште Азиянын жана Океания өлкөлөрүнөн жалпы 62 мамлекеттин спортчулары күч сынашып жатат.

Мелдештин расмий сайтында жарыялангандай, 62 мамлекеттин ичинен 34 гана мамлекеттин балбандары өз өлкөсүнө медалдарда алып келишкен.

1-орунда: үй ээси болгон Түркмөнистан 206 медаль (79 алтын, 58 күмүш, 69 коло),

2 - орунда: Кытай 61 медаль ( 23 алтын, 21 күмүш, 17 коло,

3-орунда: Иран 89 медаль (22 алтын, 18 күмүш, 49 коло),

4-орунда: Өзбекстан 106 медаль (21 алтын, 28 күмүш, 57 коло)

Ал эми Кыргызстандын байге куржунунда 48 медаль бар. Анын ичинен 7 алтын, 15 күмүш, 26 коло бар. Азиянын 62 мамлекетинин ичинен 11-катарда келе жатат. Түркмөнстанда өтүп жаткан Азия оюндары 27-сентябрда жыйынтыкталат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!