Ашхабад-2017: Мээрим Момунова Азия чемпиону болду

Ашхабад-2017: Мээрим Момунова Азия чемпиону болду
23-Сен. 2017, Ишемби, 10:45

Ашхабадда өтүп жаткан Азия оюндарында алыш күрөшүнүн эркин стили боюнча мелдеште кыргызстандык спортчу Мээрим Момунова алтын медаль тагынды. Бул тууралуу мелдештин расмий сайты жазып чыкты.

Маалыматка караганда, бүгүн, 22-сентябрда алыш күрөшүнүн эркин стилинен кыз-келиндер жана эркектер арасында мелдеш өтүүдө. Момунова 60 килограммга чейинки салмакта алгач түркмөнстандык спортчуну, финалда казакстандык спортчуну, алтын байге үчүн финалдык таймашта түркмөнстандык спортчуну жеңип, жыйынтыгында алтын байгени утуп алды.

Ушуну менен Кыргызстандын медаль куржунунда 33 медалы бар. Анын 3өө алтын, 10 күмүш, 20 коло. 62 мамлекеттин ичинен 14-орунда келе жатат. Түркмөнстандын баш калаасы Ашахабадда өтүп жаткан Азия оюндары 27-сентябрда жыйынтыкталат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!