Сепкилдүү бетти тазартуу!

Сепкилдүү бетти тазартуу!
22-Сен. 2017, Жума, 11:31

Эң алгач "сепкил кандай, качан жана эмне себептен пайда болду?" ушуну аныктап алуу керек.

Сепкил ал ген тагыраак айтканда тукум куучулук аркылуу апасынын табиятында болсо, кан менен берилет.

Сепкил зааранын туура чыкпагандыгынан же кичи дааратын туура кылбаса пайда болот. Албетте сепкил безетки же болбосо аллергия эмес, ошон үчүн аны кетирүү да оңой болбойт.

Сепкилди кетирүүгө лосьон, крем же болбосо тоник пайдаланууга болот.

1. Лосьон: жаңы, солубаган бадыраңды сүргүчтөн өткөрүп майдалап, үстүнө 250 грамм кайнаган суу қуюп, аны атайы бөтөлкөгө куюп, оозун аба кирбегендей кылып жаап коюңуз. 5-7 күн ысык жана жарык кирбеген жерге коюу керек. Даяр болгондон кийин бетти тазалап жууп 4-5 жолу сүртүп туруу кажет.

2. Крем: эмен багынын суусу 20 грамм, үстүнө 30 грамм кадимки балдар кремин аралаштырып, жакшылап чайкап, түнкүсүн гана уктаар алдында сүйкөп жатуу керек. Жумасына 3 жолудан ашык пайдаланууга тыюу салынат.

3. Тоник: 20 грамм лимон ширесине, 1 аш кашык сода салып, жакшылап аралаштырып, аны 2 сааттан кийин пайдалануу керек. Бул тоник өтө сезимтал терилерге тескери таасир тийгизүүсү мүмкүн, сак болуп, колдонуу зарыл. Эгер бетте бүртүкчөлөр пайда боло баштаса, колдонууну токтотуу кажет.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!