Чачыңыз көп түшөбү?

Чачыңыз көп түшөбү?
3-Ноя. 2017, Жума, 12:58

Шаарда жашап жатып чачтын табигый калпын сактап калуу оңой эмес. Жаратылышы бөлөк, өзгөчө жан болбосо, карапайым кыздардын чачынын түшүүшү калыптуу жагдай. Экологиянын начар болушу, кир аба, хлордуу суу да терс таасир берет.

Чач көп түшпөөсү үчүн кайнаган суу менен 4-5 күндө бир жолу жууп турган туура. Дем алыш күндөрү үйдө өткөрө турган болсоңуз, чач өтө майлуу болбосо жуубаганга аракет кылыңыз. Ушундайча аз-аздан күн алыс жууганга үйрөнүүгө болот. Шампундун курамында чачтын түшүүсүнө таасир берчү зыяндуу химиялык заттар көп.

Ал эми чачыңыз көп түшсө, атайы маскалардан колдонуңуз. Аны чачты калыңдатуу үчүн да жасаса болот.

1 сарымсакты тазалап, сүргүчтөн өткөрүп майдаланп алабыз. Ага 2 жумуртка кошуп аласызда, даяр болгон эки компонентти аралаштырып чачга сүйкөйсүз. Чачтын түбүнө сүйкөп алгандан кийин, аны жылуулуп оройсуз. 20-30 мүнөт кармасаңыз жетиштүү. Канчалык узак кармасаңыз, ошончолук натыйжалуу болот.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!