Деңизге чөккөн үй-бүлө тууралуу аңгеме

22-Ноя. 2017, Шаршемби, 14:04

Түркиядан Грециянын Митилини аралына барып башпаанек кылууга аракет кылган, орто жолдо Эгей деңизинде жок болгон үй-бүлөнүн баладарынын сөөгү табылды. Мугалим ата-эне жана анын үч баласы тууралуу бул аңгеме Түркияда “Кызмат” кыймылына багытталган массалык кыргындын бир бөлүгү сыяктанат.

40 жаштагы Хүсеин Маден физика сабагына мугалим болгон. 36 жаштагы жубайы Нур Маден болсо башталгыч мектепте мугалим эле. Кастамонада жашаган үй-бүлөнүн Надире (13 жашта) Нур (10 жашта) аттуу эки кызы, Феридун (7 жашта) аттуу уулу болгон.
Мамлекеттик кызматкер болуп эмгектенген Хусеин 15-июлдан кийин чыгарылган буйруктун негизинде кызматынан бошотулган.
“Кызмат” кыймылы менен байланыштарынан улам Хүсейин жана Нур Маденге “террордук уюмдун мүчөсү” деген айыптын негизинде сурак башталды. Экөө тең камалса балдарына кыйын болорун ойлогон жубайлар полициядан качууну чечкен. Башка даректе бир жыл бою жашынганда үйүн полиция бир нече аңдыды. Хүсейин бул мезгилде камсыздандыруусуз физикалык күч керек болгон жумушта 1000 түрк лирасына иштеп, балдарын багып жатты.
Полиция “Кызматтын” бардык ыктыярчыларына күндөн күнгө кысымды көбөйткөндө акыркы акчасына өлкөдөн кетүүнү чечти.
Тапкан ташыгандарынан кол жууган үй-бүлө сыртка кетүү үчүн адамдарды башка өлкөгө чыгаруу менен алектенген бир нече топ менен сүйлөшкөн. Бирок үй-бүлөсүндөгү беш адамга сураган каражатты төлөөгө мүмкүнчүлүгү болгон эмес.

Акыры Маден колундагы акчасына досторунан карыз алып кошуп, эски кайык сатып алган. Аны менен үй-бүлөсүн Грециянын Митилини аралына жеткирип, башпаанек алууну чечкен.

Акыркы жолугушуу
Карызга акча алууга барганда досу аны менен коштошкон күндү баяндап берди.

“Багымдат намазына чейин уктабай, сүйлөшүп отурдук. Чогуу намаз окудук. Эртең менен мени ойготту. Кийип жүргөн шымын, көйнөгүн 10 лирага алганын айтты. Колунда бир баштыгы менен узаттым. “Эч кетким жок, бирок айла канча. Тааныштар да жок. Белгисиздиктерди көздөй кетип жатабыз”,-деди. Канча акчасы бар экенин сураганымда “5-6 миң лира бар. Кудай жардам берет”,-деди. Коштоштук. Көп ыйлачу эмесмин, бирок бул жолу коштошуп жатып көзүмдөн жаш тамчылады”
Жолго чыга турган күн
40 жаштагы мугалим Хүсейин Маден оргуштаган Эгей деңизинде үй-бүлөсү менен жолго чыкты.
Андан соң “Шооларды көрдүк, аралга чыкканы калдык” деген бир билдирүү жазды. Андан бери 20 күн өттү. Алар Митилини аралында Грециянын полициясына кармалып, качкындардын лагерине жайгаштырылды деген ой менен өздөрүн сооротуп жатышты.

Чалууларга жооп жок
Тилекке каршы жакында Митилини аралынын Лесвос жээгине эки кыз жана бир уулдун сөөгү чыккан. Грециянын полициясынын маалыматына караганда алардын жашы Мадендин балдарынын жашына туура келет. Качкындар лагеринде да алардын дайыны билинбейт.
Жерге жашырышты
Балдардын денеси деңиз суусунан таасиринен таанылбагандыктан ДНКлары алынып, жерге жашырылганы белгилүү болду. Туугандары Грецияга барууга аракет кылганына карабастан виза алалбай жатышат.
Мыкты мугалим

Хүсейин Маден мыкты мугалим болгон. Билим берүү министрлигинин сайтында билим жарманкелериндеги ийгилиги дале жазылып турат. Анда “Физика сабагынан мугалим Хусейин Маден тарабынан жүргүзүлгөн TÜBİTAK 4006 билим көргөзмөсү мугалим жана окуучуларыбыздын жемиштүү иштеринин жыйынтыгында 2015-жылдын 22-23-майында өткөрүлдү”,-деген маалымат бар.

Түркиядан эмнеге кетти?
Досторунун айтымында Хүсейин Маден жаш экенине карабастан саламаттыгында көйгөйлөр болгон. Бөйрөк, бооруна операция жасалган. Андан улам камалса жаза өтөөчү жайлардан башка мугалим достору сыяктуу саламаттыгы начарлап, өмүрүнө коркунуч жараларынан тынчсызданган. Жубайын да камоо чечими чыккандыктан үч баласын кароосуз калтыруу ойго келбейт болчу. Анын үстүнө жумуштан бошотулуп, мүлкү камакка алынганда Хүсейин Мадендин экономикалы абалы начарлаган. Өздөрү жашырынып жүргөндүктөн балдары билимден куру калган. Мына ушул себептерден улам Түркияда социалдык өлүмгө кабылган үй-бүлөлөрдүн тобокелчиликтерин эске алып, Грецияга сапар алган.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!