Жаңы технологиялардын тездик менен өнүгүшү, банк бизнесинин компьютерлешүүсү жана интернеттин/мобилдик банкингдин өнүгүшү банк системасына эсептик-кассалык операциялардан тартып, эсептешүүнүн онлайн түрлөрүнө чейинки көп сандаган операцияларды сунуштоого мүмкүнчүлүгү бар. Ошондой эле электрондук акчаларды чыгаруу жана Улуттук банк тарабынан кымбат баалуу металлдар менен операцияларды жүргүзүү сыяктуу жаңы кызматтар улам өнүгүп жатат. Ошол эле учурда булар тобекелдиктер менен коштолууда. Ушуга байланыштуу Кыргызстанда банк көзөмөлүнүн механизмдерин андан ары өркүндөтүү менен бирге банк системасындагы тобокелдиктердин бардык түрлөрүн мүмкүн болушунча азайтуу жана банктардын туруктуулугун бекемдөө максатында иштер жүргүзүлүшү керек. Бул багытта кандай иштер жазалып жаткандыгы тууралуу Улуттук банктын Башкарма мүчөсү, көзөмөлдөө блогунун жетекчиси Тимур Жусупов айтып берди.
- Банк көзөмөлү деген эмне?
- Банк көзөмөлү бул КРнын Улуттук банкынын коммерциялык банктардын банк ишмердигин жөнгө салуучу мыйзамдарды жана аларда бекитилген нормативдик актыларды, ошондой эле экономикалык ченемдерди жана талаптарды, бухгалтердик эсептин жана отчеттуулуктун эрежелерин аткаруусуна жана сактоосуна көз салып турат.
Банк көзөмөлүнүн мааниси коммерциялык банктар кабыл алган чечимдердин жана аткарган иштеринин банк ишин жөнгө салуучу мыйзамдарга жана КРУБнын ченемдик актыларына шайкеш келүүсүн текшерүүдө жатат.
Түпкүлүгүндө бул банк ишиндеги нормативдүүлүктү жүзөгө ашырууну көзөмөлгө алуу болуп саналат. Анын мааниси Улуттук банк тарабынан көзөмөлдү банк системасындагы тобокелдиктерди башкаруу үчүн пайдаланылышында турат.
- Өлкөдө иштеп жаткан банктардын көрсөткүчтөрү кандай?
- Азыркы учурда Кыргыз Республикасында 25 коммерциялык банк иштейт. Отчеттук күнгө алсак (2017-жылдын 1-майы), банк системасы тарабынан жалпысынан 259,9 млн сом өлчөмүндө таза пайда алынган. Банк системасынын активинин жалпы суммасы 179,8 млрд сомду, кредиттик портфели 95,7 млрд сомду, милдеттенмесинин жалпы суммасы 148,3 сомду жана депозиттик базасы 113,1 млрд сомду түзүүдө. Банк системасы боюнча таза капиталдын жетиштүүлүгүнүн суммасынын жалпы көрсөткүчү 24,60%га (2016-жылдын аягына чейин 24,79%га жетет) барабар болду. Норматив боюнча анын көлөмү 12%дан кем эмес болуусу керек. Демек, бул көрсөткүч бүгүнкү күндө банк системасынын туруктуулугун айгинелейт.
- Кыргызстанда банк көзөмөлүн ким жүзөгө ашырат жана банк көзөмөлүнүн укуктук негизи кандай?
- Банк көзөмөлү Улуттук банктын ишинин негизги багыттарынын бири болуп саналат. Анын максаты банк системасынын туруктуулугун жана өнүгүшүн колдоо, акча салуучуларды жана насыя алуучулардын мүдөөлөрүн коргоо болуп эсептелет.
Банк көзөмөлү Кыргыз Республикасынын Конституциясынын, “Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банктар ишмердиги жөнүндөгү” Мыйзамдын жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын негизинде жүзөгө ашырылат. Учурдан пайдаланып, 2016-жылдын 16-декабрында кабыл алынган “Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банктар ишмердиги” жөнүндөгү жаңы мыйзамы 2017-жылдын 22-июнунан тартып күчүнө киргендиги тууралуу учкай токтоло кетейин.
Бул мыйзамга бир катар (мисалы, жоюу/банкротчулук жана башкалар жөнүндөгү) мыйзамдар бириктирилди жана ал бир нече бөлүктөрдөн турат. Анда да банк көзөмөлүнүн жана чара көрүү аракеттери маселелери камтылган. Бул мыйзамдын кабыл алынышы Улуттук банктын коммерциялык банктарга карата банктык кызматтарды көрсөтүүдө жана маалыматтарды ачыкка чыгарууда, ошондой эле кардарлардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо боюнча көз карандысыз чечимдерди, талаптарды кабыл алууда Улуттук банктын позициясын бекемдөөгө мүмкүндүк берди.
Ошону менен бирге корпоративдик башкаруу боюнча талаптар кайрадан каралып, күчөтүлдү. Атап айтканда, анда коммерциялык банктардын кызмат адамдарынын беделинин кынтыксыздыгына, Директорлор Кеңешинин мүчөлөрүнүн көз карандысыздыгына карата, Директорлор Кеңешинин курамында Кыргыз Республикасынын жок эле дегенде бир жаранынын болушу жөнүндө талаптар жазылган.
- Уставдык капитал боюнча талаптарды аткара албаган банктарга эмне болот?
- Улуттук банк тарабынан мыйзамдардын алкагында банктарга/банк акционерлерине уставдык капиталдын өлчөмүн зарыл болгон деңгээлге жеткирүү жөнүндө талап коюлат. “Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк ишмердиги жөнүндөгү” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык мындай талап коюлган күндөн тартып, банк пайдаларды бөлүштүрүү, дивиденддерди төлөө, акционерлер алдындагы ар кандай финансылык милдеттенмелерди жана башкаларды аткаруу жөнүндө чечимдерди кабыл алууга укугу жок.
- Банк көзөмөлү кантип жүзөгө ашырылат?
- Кыргыз Республикасында банк көзөмөлү ырааттуу түрдө жүргүзүлөт жана ичине төмөндөгүлөрдү камтыйт: жөнгө салуу жана көзөмөл методологиясы, банктарга лицензия берүү, тышкы көзөмөл, инспекциялоо.
Көзөмөл методологиясынын иши коммерциялык банктардын ишин жөнгө салган методологиялык базаны өркүндөтүүгө жана “көзөмөл циклин” толук өзүнө камтыган көзөмөлдү жүзөгө ашыруу процессин иштеп чыгууга багытталган. Буларга банктарга лицензия бергенден, тышкы көзөмөлдү жүргүзгөндөн, инспекциялоодон тартып, финансылык жактан телчигүүсүнө жана банктардын жоюлуусуна чейинкиси камтылат. Башка айтканда Улуттук банк банктардын ишине карата банктар аткарууга милдеттүү болгон талаптарды (банк рыногунда аткарылуучу эрежелерди) коет.
Банк ишин жөнгө салуучу ченемдик-укуктук базаны жаңыдан иштеп чыгуу жана колдонуудагы ченемдик-укуктук базаны өркүндөтүү үзгүлтүксүз процесс болуп эсептелет. Анткени, айрым тобокелдиктерди өзүнө камтыган жаңы продуктылар келип чыгат. Ошондуктан Улуттук банк өлкөнүн калкын банк кызматтарына жана продуктыларын мүмкүн болушунча көбүрөөк колдонууну камсыз кылууга жана акча сактоонун альтернативалуу инструменттерин түзүүгө багытталган иш жүргүзөт.
Буга мисал катары азыркы учурда Улуттук банк тарабынан коммерциялык банктардын накталай жана накталай эмес түрдө кымбат баалуу металлдар менен операцияларды жүргүзүү шарттарын аныктай турган жөнгө салуу базасын түзүү боюнча аткарып жаткан ишин айтууга болот. Бул жумуш Кыргыз Республикасынын калкы үчүн акча каражаттарын акчалай түрүндө гана эмес, кымбат баалуу металлдар түрүндө да сактоосуна, ошондой эле коммерциялык банктарга ишмердигин өнүктүрүүгө жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзүп берүү максатында жүргүзүлүп жатат.
2017-жылдын 16-июнуна карата Улуттук банк тарабынан кымбат баалуу металлдар менен банк операциялар жүргүзүү укугуна 7 кошумча лицензиялар берилген.
- Улуттук банк тарабынан дагы кандай лицензиялар берилди жана коммерциялык банктарга лицензия берүүнүн тартиби кандай?
- Улуттук банк тарабынан электрондук акчаларды чыгаруу укугуна 8 кошумча лицензиялар берилди.
Лицензия берүү процесси банктын банк рыногуна кошулуу тартибин аныктоо менен түйүндүү ролду аткарат. Ал өзүндө банктарга лицензия берүүнүн максатка ылайыктуулугуна, банктардын ишинин (филиалдарын, сактык/көчмө кассаларды жана өкүлчүлүктөрдү ачуу), башкаруу курамынын кеңейтилишине жана алардын макулдашууларына жана финансылык дараметине жана ишенимдүүлүгүнө жана акционерлердин, уюштуруучулардын ишкердик беделине баа берүүнү ичине камтыйт.
Ошондой эле лицензия берүү процесси банктын капталынын булагынын кайдан экендигинин текшерүүнү жана банктарды кайра уюштуруу жана реструктуризациялоо жол-жоболорун жүзөгө ашырууну өзүнө камтыйт.
- Тышкы көзөмөлдүн максаттары жана милдеттери жөнүндө айтсаңыз?
- Тышкы көзөмөлдөө иши банктардын ишине алар берген мезгилдүү отчетторунун негизинде тынымсыз түрдө аралыктан көз салып турууга багытталган. Тышкы көзөмөлдүн негизги максаты банктардын баштапкы стадиядагы көйгөйлөрүн табуу, ошондой эле банктардын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын жана Улуттук банктын ченемдик-укуктук актыларын аткаруусуна жана сактоосуна көз салып туруу болуп саналат.
Тышкы көзөмөл жеке бир банк жана бүтүндөй система дуушар болгон тобокелдиктерди баалоо аркылуу банктын активдерин жана пассивдерин (мисалы банктын пайдалуулугун талдоо, активдердин сапатын талдоо, капиталды талдоо, ликвидүүлүгүн көрсөткүчтөрүн талдоо ж.б.) башкаруу сапатын баалоо үчүн коэффициенттердин негизинде банктардын ишине стресс – тестирлөөлөрдү жана талдоо жүргүзүү жолу менен жүзөгө ашырылат.
- Инспекциялоо эмне иш аткарат?
- Инспекциялоонун жумушу банктын реалдуу финансылык абалын аныктоо, банктардын ишине мүнөздүү болгон тобокелдикти баалоо, банктардын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын, Улуттук банктын ченемдик-укуктук актыларын аткаруусун жана сактоосун аныктоо, банкты башкаруу процессинин сапатын жана банктын келечек перспективасын аныктоо максатында жеринде банктын ишин текшерүүгө багытталган. Банктардын ишин текшерүү Улуттук банк тарабынан банктык жөнгө салуу жана көзөмөлдөө функциясын жүзөгө ашыруу алкагында жүргүзүлөт.
- Инспектордук текшерүүлөр кантип жүргүзүлөт?
- Банктын ишине инспектордук текшерүүлөр ыйгарым укуктуу кызматкерлерди банкка жөнөтүү аркылуу жүргүзүлөт.
Инспектордук текшерүүлөр Улуттук банк текшерүү боло тургандыгы жөнүндө алдын- ала билдирген пландык текшерүү же текшерүү боло тургандыгы жөнүндө алдын- ала билдирилбеген капысынан текшерүү болушу мүмкүн.
Банктын ишине карата (финансылык көрсөткүчтөр, айрым бир операциялар/ транзакциялар) суроолор жаралып калса, банктарга жүргүзүлгөн тышкы көзөмөлдүн алкагында ал банкка карата тематикалык максаттуу текшерүү жөнөтүлөт.
Тобокелдик багытындагы көзөмөлүн ишке ашыруу алкагында инспектордук текшерүүгө карата мамиле да өзгөртүлөт: текшерүүгө алдын ала даярдоого көбүрөөк көңүл бурулат, тигил же бул тобокелдиктер боюнча тематикалык текшерүү көп колдонулат, текшерүүнүн жүрүшүндө банктын адистери жана банктын жетекчилери менен сүйлөшүү жүргүзүлөт, тобокелдиктерди башкаруу жана жалпы корпоративдик башкаруунун сапатына өзгөчө көңүл бөлүнөт.
Банктардын ишине тышкы көзөмөл жана жеринде инспекциялоо бири-бирин толуктагандыгы жана банктардын ишине мүнөздүү болгон тобокелдиктерди өз убагында аныктап чараларды көрүү аркылуу четтетүүгө багытталгандыгын айта кетели.
- Кандай учурларда банктарга чаралар көрүлөт?
- Эгерде Кыргыз Республикасынын банк мыйзамдарын бузгандыгы аныкталган болсо, анда ал банкка санкциялар же чаралар көрүлөт. Мисалы, аларга кыйла жогорку деңгээлдеги экономикалык ченемдер бекитилет, банк жана/же банктын кызмат адамдарына/кызматкерлерине айып акы салынат, көз карандысыз аудиторго текшерүү жүргүзүү тапшырылат. Айрым бир банк операциялары токтотулат, чектелет же жоюлат.
- Улуттук банк кандай чараларды көрүшү мүмкүн?
- Улуттук банк тарабынан банктарга көрүлүүчү чаралар мыйзам бузуунун мүнөзүнө, түрүнө жана финансылык абалына жараша көрүлөт.
Улуттук банк тарабынан чараларды көрүүнүн максаты Кыргыз Республикасындагы банктардын, жалпы эле банк системасынын туруктуулугун сактоо үчүн көйгөйлөрдү алдын- ала өз убагында четтетүү, акча салуучуларды жана насыя алуучуларды коргоо болуп эсептелет.
Чара көрүүнүн төмөндөгүдөй түрлөрү бар:
Буйрук жазуу, айып акы салуу, экономикалык ченемдерди жана талаптарды жогорулатуу, айрым бир банктык операцияларды жасоого чек коюу же тыюу салуу, кызмат адамдарын иштен четтетүү же бошотуу, башкаруу органын алмаштыруу, атайын режимди кийирүү (тикелей банк көзөмөлүн кийирүү жана Убактылуу администрация киргизүү) жана лицензиясын кайтарып алуу.
Демек, банк көзөмөлүнө Улуттук банктын иш-чараларынын комплекси кирет. Ал финансылык кызматтардын коомдун керектөөсүнө жооп берген банк системасынын натыйжалуулугун жана атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн арттырууга багытталган.
- Эгерде банк же банктын кызматкери Улуттук банктын кабыл алган чечимине, чарасына макул эмес болсо, мындай чечимди жокко чыгарганга укуктуубу?
- Кандай гана банк же банк кызматкери болбосун, ал Улуттук банк көргөн чараны жокко чыгарганга укугу бар. Бирок, ал мыйзамдардын алкагында негизделген болушу зарыл. Албетте, даттануунун сотко чейинки тартиби сакталууга тийиш. Даттануунун сотко чейинки мааниси арыз берүүчү чечимди кабыл алган кызмат адамынан же органынан жогору турган Улуттук банктын кызмат адамына же коллегиялык органына макул эместигин билдирген кат менен кайрылуусу керек. Эгерде арыз берүүчү сотко чейинки тартипте да кабыл алынган чечимге макул эмес болсо, анда ал чечимди сот аркылуу жокко чыгарууга укуктуу.
- Терроризмди жана адалдаштырууну/легалсыз кирешени легалдуу кирешеге айландырууну каржылоого каршы туруу багытында кандай иштер аткарылууда?
- Улуттук банк ПОД/ФТЭ маселелери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен анын көзөмөлдөө иш жүргүзүү алкагында, ошондой эле ПОД/ФТЭ менен Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук документтерин иштеп чыгууда да тыгыз кызматташат.
2007-жылы Кыргыз Республикасы ЕАГга катышкан өлкөлөрдүн ичинен биринчилерден болуп ПОД/ФТЭ улуттук системасынын эле аралык стандарттарга шайкеш келүүсүн өз ара баалашуусунан өткөн. Азыркы учурда 2012-жылы жаңыланган ФАТФ эл аралык стандарттарына ПОД/ФТЭ улуттук системасынын шайкеш келүүсүн экинчи жолу өз ара баалашуусунан өтүп жатат. ПОД/ФТЭ багытындагы Кыргыз Республикасынын системасын өз ара баалашуусуна карата өз убагында жана сапаттуу даярдыкты камсыз кылуу, ошондой эле аны ийгиликтүү жүргүзүү максатында ОД/ФТЭ тобокелдиктерин техникалык жактан шайкеш келүүсүнүн натыйжалуулугун баалоо боюнча курамына Улуттук банктын өкүлдөрү кирген ведомстволор аралык жумушчу топтору түзүлгөн.
ЕАГтын жогорку баасын алуу Кыргыз Республикасынын финансылык системасы үчүн өтө маанилүү. Анткени, алган баа өлкөнүн экономикалык абалына (инвестициялык, чет өлкөлүк финансылык институттар менен өз ара мамилелер ж.б.) оң таасирин тийгизет.
- Банк көзөмөлүндө жаңычылдыктар барбы?
- Улуттук банк коммерциялык банктардын ишин көзөмөлдөө методдорун өркүндөтүү боюнча тынымсыз иш жүргүзөт жана банктарды көзөмөлдөө багытында эл аралык тажрыйбаларды үйрөнүп турат.
Азыркы учурда Улуттук банк тобокелдиктерге басым жасаган көзөмөлгө этап-этабы менен өтүүнү жүзөгө ашырып жатат. Дүйнөлүк алдыңкы тажрыйбаларга ылайык эң жогорку натыйжалуу көзөмөлдү камсыз кылуу максатында көзөмөлдөө инструменттерин иштеп чыгуу жана өркүндөтүү боюнча иштерди аткарууда. Атап айтканда бул иштерге ар бир банктагы, жалпы эле банк системасындагы тобокелдиктерди талдоо, тобокелдиктерди башкаруу сапатын баалоо, сапаттык мүнөздөөлөргө бир кыйла терең талдоонун негизинде баалоону жүргүзүү, ошондой эле тобокелдиктерди алдын- ала эскертүү механизмдерин өркүндөтүү кирет.
Улуттук банктын негизги иши ар бир коммерциялык банктын финансылык абалына баа берүүнүн оперативдүүлүгүн жана сапатын жана банк системасына таасир берүүсүн жогорулатуу, ар бир банк, жалпы эле банк системасы дуушар болуучу тобокелдиктерге эскертүү берүүнүн методикаларын жана сценарийлерин өркүндөтүү, айрым банктардагы кайталана берүүчү тобокелдиктерди жана көйгөйлөрдү аныктоо, ошондой эле аларды биргелешип чечүүнүн жолдорун издөө болуп саналат.