Кыргыз элинин көчмөн тарыхында чүкөнүн ролу чоң болгон. Элибиз байыртан бери мал чарбачылыгы менен алектенип келгендиктен, малдын жүнүнөн кийим-кече, кийиз, килем, өрмөк жасаса, мүйүзүнөн жаа сыяктуу мергенчилик аспаптарды жасап, айтор ар бир нерсесин коромжу кылбай аздектеген. Жаш балдар үчүн чүкөлөрдү топтоп, аны ар кандай түскө боеп беришкен. Муну ордо оюнун сүйүүчүлөр жакшы билет.
Деген менен акыркы убактарда чүкө кыргыз үй-бүлөсүнөн алыстай баштады. Азыркы муундардын бул аздек буюм менен көп деле тааныштыгы жок. Бирок жаш дизайнер Искендер Асаналиев маалыматтык технологиянын жардамы менен чүкөгө заманбап өң-түс, жасалга берип, аны бир гана ордо оюнунда гана ойнобостон ар убакта жанында алып жүрө тургандай жагдайда жасалгалап чыкты.
Бала чагынан чүкө ойноп чоңойгон каарманыбыз Искендер барган сайын чүкө ойноо салты унулутуп бара жаткандыктан, аны технологиялык “Хайтек” келбети менен чыгарууну максат кылган.
“Бала чагым Ат-Башыда өткөн. Кичинекей кезимде чүкө ойногонду жакшы көрчүмүн. Акыркы учурларда чүкө ойноо салты барган сайын унутула баштабадыбы. Жаш балдар смартфон, планшеттерден көзүн албай калды. Элибиздин нарк-насилин сиңирген башка оюндарды билишпейт. Бир жыл мурда досторум менен чогуу олтуруп түрктөр же кавказдыктар теспени колунда айлантып жүргөнүнөн кеп салып, биздин мырзаларга чүкө сонун жарашса керек деп ойлондук. Анан бул идеяны иш жүзүнө ашыра баштадык. Чүкөнүн келбети металлдан куюла турган болсо, ичин жеңилдетип, көргөн киши суктангыдай абалда болсун деп брелок, авто унаанын күзгүсүнө илгенге сувенир жана флешка катары чыгара баштадык”,-деди.
Дизайнер чүкөдөн башка кыргыздын көчмөн стилин заманбап дизайндар менен жасалгалап, калпак, шырдак, баштык жана башка улуттук буюмдарга заманбап жасалга берүүнүн үстүндө иштеген. Эми болсо чүкөну эл аралык рынокко алып чыгууну максат кылууда.
“Чүкө долбоору жалгыз гана биздин өлкө эмес, башка өлкөлөр үчүн да жасалат. Изилдөөлөрүбүз боюнча чүкөнү кыргыз менен казактан тышкары монголдор, калмактар, Орусия ичиндеги тувалыктар, татарлар жана башка 15ке жакын тууган улуттарда, түрктөр, грузиндер, азерилер, армяндар жана башка кавказ өлкөлөрү, өзбектерде, түркмөн жана башка улуттарда ойнолгон экен. Азырынча өзүбүздө жетиштүу санда жана сапатта чыгарып алсак, андан кийин Казакстанга, андан ары башка өлкөлөргө жайылтууну колго алабыз”,-деди.