Президент окумуштууларга урмат көрсөттү

18-Апр. 2017, Шейшемби

Бүгүн, 18-апрелде президент Алмазбек Атамбаев орто кылымдагы кыргыздардын тарыхын изилдөөгө салым кошкон археолог Юлий Худяков менен этнограф Виктор Бутанаевди кабыл алды.

Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.

"Кыргыздар Энесайдан жана Монголиянын түндүк-батыш бөлүгүнөн тарта Тянь-Шань, Фергана жана Памирге чейинки кеңири мейкиндикти байырлаган деген гипотеза көптөн бери эле илимий талаштарга негиз болуп келет. Ага ылайык, энесайлык жана тянь-шандык кыргыздар бир эл, ал эми Энесай (VII-VIII кылымдар) жана Кыргыз (IX-X кылымдар) каганаттары — кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн өзүнчө мезгилдери. Муну далилдөөдө сиздердин эмгек да бар", — деп белгиледи мамлекет башчы.

Юлий Худяков Түштүк Сибирдин жана Борбор Азиянын байыркы жана орто кылымдагы элдеринин аскер ишинин археологу жана тарыхчысы. Ал буга чейин кыргыздын тарыхын изилдөөгө кошкон салымы үчүн III даражадагы "Манас" ордени менен сыйланган.

Археолог Хакасия, Красноярск крайы, Тува, Тоолуу Алтай, Монголия жана Кытайдагы археологиялык экспедициялардын материалдары аркылуу бул мейкиндиктеги кыргыздардын материалдык маданиятынын окшоштугун көргөзгөн. Анын 1980-жылы чыккан "Энесайлык кыргыздардын VI–XII кылымдардагы курал-жарагы" монографиясы орто кылымдагы кыргыздардын тарыхын изилдөө үчүн негизги эмгектерден болуп саналат.

Этнограф жана түрколог Виктор Бутанаев энесайлык кыргыздардын орто кылымдагы этносаясий уюшулушун изилдеген. Өз иштеринде энесайлык, алтайлык жана тянь-шандык кыргыздардын бирдиктүүлүгүн далилдейт.
Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!