1-топтогу майып адам сууга агып кетти

6-Июль 2017, Бейшемби

Аксыда майып адам сууга агып кетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Алардын маалыматы боюнча, 04-июль күнү саат 16:00 чамасында аталган райондогу Караган-Сай айылынын 33 жаштагы тургуну (эркек адам, 1-группадагы майып) Кара-Суу дарыясына агып кеткен.

Туугандары тарабынан өз алдынча издөө иштери жүргүзүлүп, табышкан эмес. 5-июль күнү ӨКМнин куткаруучулары тарабынан издөө иштерин жүргүзүлүп, бирок натыйжа болгон эмес. Издөө иштери бүгүн, 6-июль күнү да улантылмакчы.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!