Дааратканадан табылган ымыркайдын абалы оор

31-Июль 2017, Дүйшөмбү

Бүгүн, 31-июлда саат 11:30да Бишкекте шаардык тез жардам кызматы (салмагы 3.396 кыз) дааратканадан табылган ымыркайды Шаардык балдар клиникалык ооруканасына жеткирген. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министринин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, аталган оорукананын дарыгери Гульнара Жанабилова ымыркайдын абалы оор экенин айткан. Ошондой эле учурда интенсивдүү терапия бөлүмүнө жаткырылганын кошумчалаган.

Эске салсак, бүгүн таңга маал айрым жалпыга маалымдоо каражаттарында Бишкектин Арча-Бешик конушундагы барак тибиндеги үйдүн дааратканасында белгисиз аял көз жарганы жазылган. Ошондой эле төрөгөн аял белгисиз жакка качканы маалымдалган болчу.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!