Ажыларга карата бир катар шарттар коюлду

1-Авг. 2017, Шейшемби

Сауд Араб Падышачылыгынын жарандык авиациясы Кыргызстан Мусулмандарынын дин башкармалыгына жолдогон катынын негизинде быйылкы жылы ажылык милдеттерин өтөө үчүн жөнөп жаткан ажылар салмагы 32 кг, узундугу 56 см, туурасы 45 см, бийиктиги 25 см чемодандарды алууга тийиш экендигин расмий катында билдирди. Бул тууралуу муфтияттын маалымат кызматынан кабарлашты.

Ошондой эле ар бир жүктө ажы тууралуу маалымат, аты-жөнү, авиакомпиянын рейсинин маалыматы, авиакомпаниянын аталышы, авиарейстин номери, учуу убактысы жана бирка номери болуусу шарт.

САПтын жарандык авиациясы мындай шарттар Remole Area ажылык жана умра залдарында коопсуздукту камсыз кылуу үчүн киргизилгенин билдирген.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!