"Ысык-Көл" кинотеатры түрттүрүлөт

1-Авг. 2017, Шейшемби

Бишкек шаарындагы "Ысык-Көл" кинотеатры түрттүрүлөт. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы билдирет.

Маалыматка караганда, эскилиги жеткен имарат боюнча атайын коммиссия түзүлгөн. Алар имаратты пайдаланууга мүмкүн болбой тургандыгын аныктап, эксплуатацияга берүүгө аргасыз болушкан.

Жибек-Жолу көчөсү 264 даррегинде жайгашып, эскилиги жеткен имарат тарыхый архитектуралардын тизмесине кирбегендиктен, аны түрттүрүүгө уруксат берилди Имаратты Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгы колдонуп келгендиктен бузуу иштери аталган башкармалыктын мойнуна жүктөлдү.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!