Ошто адам сатууга каршы акция өттү

1-Авг. 2017, Шейшемби

Кечээ, 31-июлда саат 15:00дө Ош шаарынын борбордук аянтында «адам сатууга каршы 100 күн» аталышындагы иш-чара болду. Бул тууралуу Ош шаарынын мэриясынын маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, долбоор Бириккен Улуттар Уюмунун Баңгизаттар жана кылмыштуулук менен күрөшүү башкармалыгынын (БУУ БККБ) адам сатууну жана мигранттарды өлкөгө мыйзамсыз алып кирүүгө каршы - жаңы GLO.ACT аттуу Глобалдык программанын алкагында колдоого алынган.


Программа Европа биримдиги тарабынан каржыланат. Иш-чарага жергиликтүү бийлик, бей өкмөт уюмдун мүчөлөрү, кулчулукка кабылган жарандар, укук коргоо органдарынын өкүлдөрү, студенттер катышты.

Белгилей кетсек, Миграция боюнча эл аралык бирикменин маалыматы боюнча, Кыргызстанда 5 миң адам кулчулуктун курмандыгы болуп келет.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!