​Дааратканадан табылган ымыркайдын абалы дурус

1-Авг. 2017, Шейшемби

Бишкектеги Арча-Бешик конушундагы дааратканадан табылган баланын абалы канатандырарлык. Бул туурасында бүгүн, 1-августта Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Баланын абалы канатандырарлык. Реанимацияда зонд аркылуу тамактандырылууда. Дем алуусу көзөмөлдөнүүдө.

Эске салсак, кечээ, 31-июлда Бишкектин четиндеги Арча-Бешик конушундагы даараткананын чуңкурунан жаңы төрөлгөн ымыркайды жергиликтүү тургундар алып чыгышкан. Белгисиз аял дааратканада төрөп, баласын таштап, дайынын билгизбей качкан.

Ал жерге барган “Тез жардам” кызматы баланы ордо калаадагы балдар ооруканасына жеткирген. Ымыркайдын энесин милиция тарабынан издөөгө алынды.

Фото: Турмуш.кг

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!