Раевдин “Топон” романы Швецияда ийгиликке жетти

18-Ноя. 2017, Ишемби, 12:22

Кыргыз эл жазуучусу Султан Раевдин “Топон” романы Швецияда өткөн эл аралык адабий конкурста биринчи орунду алды. Бул тууралуу Султан Раевдин Facebook баракчасына жарыялаган.

Анын айтымына караганда, жазуучу Улоф Пальма атындагы Маданий Ордодо өткөн эл аралык адабий конкурска “Крупная проза” категорисына катышкан. Бул категорияга 347 роман жана повесттер катышкан. Биринчи орунга “Топон” романы татыган. Аталган адабий конкруска жалпы 38 өлкөнүн 1600 акын-жазуучулары катышкан.

Жазуучу ошондой эле Нобель сыйлыгынын лауреаты Генрик Сенкевич атындагы эл аралык сыйлыкка да татыган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!