Ысык-Көл облусунун Тоң району кыргыз кыйырына “боз үйчүлөрдүн” мекени катары таанымал. Райондогу Кызыл-Туу айылынын мүлдө эли көчмөн ата-бабабыздан калган аздек мурас боз үй жасоо менен алек болушат. Туризмдин төрүндө жайгашкан Тоң району быйылкы туристтик сезонго камылга көрө баштады. Иштин башы катары “Тоң ааламы” аттуу этнофестиваль уюштурулуп, жергиликтүү тургундар өндүргөн азык-түлүк, кол өнөрчүлүк буюм-тайымдарын келген коноктордун назарына тартуулады. Журналист Гүлмира Раимбек кызы да аталган иш-чарага күбө болуп, андагы сезимдери, таасирлери менен бөлүштү.
Кылым карыткан буюмдар
“Тоң ааламы” аттуу этнофестиваль жергиликтүү бийлик жана”Салбурун” федерациясы тарабынан уюштурулду. Кырка тизилген боз үйлөр, алардын жанындагы элдик кол өнөрчүлүк боюнча жана таберик буюмдардын көргөзмөлөрү көрүүчүлөрдү таң калтырды. Кадимки уйдун желинен жасалган бул көнөк эки кылымдан бери ээлерине кызмат кылып келет. Эшперев айылынын келген Карача чоң кайненеси Чачыкейден калган бул көнөк кылым карытканын айтты. Териден ушундай эле бумдарды Бөкөнбөй айылында дагы жасалып баштаганы айтылды. Демек, улуттук буюмдарды учун улоо дагы жаңыланууда ...
Беш кап боорсок желип, эки казан куурма чай ичилди
Күн-Чыгыш айыл өкмөтү тиккен боз үйдүн кыз-келиндери бир кап ундан боорсок ачытып, аны дал ошол фестиваль маалында жасап, ысык боорсокторду элге таратышты. Ошондо эл беш кап боорсок, эки казан кайнатылган куурма чайдан ичишип, нагыз кыргыз даамын татышты.
Боз үй тигүүдө жаңы рекорд жаңырды
Тоң гана тургай кыргыз элинде уникалдуу айыл кызыл-туулуктар бул жолу дагы айырмаланды. Кызыл-туулуктар боз үйдү жасоо менен атагы алыска кетишкен. Учурда Түркия дал ушул айылдан элүү боз үйдү сатып алууга буйрук бергенин Тоңдун акими Улан Эсенгул уулу сыймыктануу менен жарыялады. Кызыл-Туу айылынан келген кыз-келиндер шырдактын жасалышын көрсөтүп, бир эле шырдак үчүн үч-төрт келиндин эки ай убактысы сарпталарын айтышты. Ал эми бул айылдын жигиттери Кыргызстандагы буга чейинки рекордду жаңыртып 9 минут 55 секунда боз үйдү тигип, тоңдуктарды толкутту. Төлөсүн Бектемиров баштаган беш жигиттин шамалдай шамдагайлыгы чыныгы кыргыз жигиттеринин жүзүндөй...
Оюнга тойбогон балдар...
Фестивалда чоңдор эле маашырланып, улуттук каада-салт оюндардан ырахат албастан, жаш балдар дагы Ак-Терек, Көк-Терек, жоолук таштамай, аркан тартышмай сыяктуу элибиздин эзелки оюндарын ойношту. Алардын алгачкы жеңиштери, жеңилүү ызалары дагы көрүүчүлөрдү кайдыгер калтырган жок.
“Манас” деп ураан чакырган Салбурунчулар
Эң негизгиси, салбурунчулардын оюну элди жардантып күттүрүп, чыдамын кетирип жатты. Аңгыча талаага алп атын алкынтып минген Алмаз Акунов баштаган салбурунчулардын сабы тизилгенде элдин кыйкырык сурөөнү күчөй баштады. “Манас”- деп ураан чакырып, элдин рухун көтөргөн бул кыз-жигиттердин оюну Талгарбек Шайбыровдун бүркүт бийи менен башталды.
Андан соң, кыз-уланы баштаган жаачылардын асманды көздөй аткан окторунан шуулдап, дуулдап үрөй учурган үндөрү чыгып, азыркы замандын элин байыркылардын согуш талаасына алып келгендей болду.
Ат үстүндө атылган жаачылардын өнөрү, мүнүшкөрлөрдүн куш салышына кызыккан эл күндүн жааганына карабай тарабай, машырланып карап турушту. Чет элдик коноктор дагы оюн аяктаса дагы тарабай, кара жоргону бийлеп турушу дал ушундай маанайда элди таанытуу керектигин айгинеледи.
Көлдүн жээгинде экотуризмди жыл бою өнүгүп, өр алып кетиши үчүн өзүбүз биринчи ушул ажайып Тоң жеринде эс алууну адат кылсак дегим келет. Анткени, кең пейил тоңдуктар ар бир адамды татыктуу тосуп аракеттери жасап жатышат.
Гүлмира Раимбек кызы, журналист