Келин – башка бир бүлөгө келген кечээги кыз бала. Кечээки ойноп жүргөн кыз баланын бир күндө келин аталып жат журтка көнүп кетүүсү өтө кыйын. Мына ошол кезде жаш келин тарапка көз да көп, айтылуучу сын сөз да көп болот эмеспи. Жаш келиндин кийген кийими менен жүрүм-турумуна чейин сөз кылып, көздү сүзүп жактырбай басып кетишет. Биздин эң чоң катачылыгыбыз – ушул. Келиндин жолун оорлоштурган – өзүбүз.
Келинге кайнененин колдоосу кажет. Жолдошу жумуштан чарчап келип, жарына көңүл бурбай да коюшу мүмкүн. Ушундай учурда, апасы келинге колдоп туруусу шарт. Кайнене болуу ар бир аялдын колунан келет. Айкырып- бакыргандын баары– кайынэне. Ал эми, келинге апа боло билүү ар кимдин колунан келе бербейт.
Кээ бир кайненелер кандай кылышат? Алар келин келди болду деп үйдөгү ишти өткөрүп бере салышып, отура калышат. Эки колун куушуруп, үйдөгү болгон кызматтын баарын келин жасаш керек деп, бир күндө ханшайымга айланат. Ал туура эмес. Бөтөн үйдүн казанына түшкөн жаңы келин, кантип ишти алып кетет? Жаш келин үчүн бул үйдүн салты да, адаты да жат. Сиз биринчи үйрөтүңүз, жаңы шартка көндүрүүңүз, жаңы журт, жаңы каада-салтты түшүндүрүңүз. Өзгөнүн баласын өз балаңыз кылып алыңыз алгач. Андан кийин гана келинди башкарып, жумшоого болот.
“Менин келиним орусча тарбияланган, шаардын кызы болду. Бирок чыккан теги жакшы. Өскөн-өнгөн элдин баласы. Мен бул кызды тарбиялоого зор маани бердим. «Аны жаса, муну жаса!» деп буйрук бербей, «Кел, балам, бул нерсени жасап жиберели» деп, бирге жүрүп, тариялап алдым. Көп нерсени үйрөттүм”,- деп ар бир кайнене жакшы келинге ээ боло алышат. Кайнене менен келин сырдаш курбулардай болушу керек. Келинин жамандаган кайненелерге: "Келин да бирөөнүн баласы. Бирөө төрөп чамасы келгенче тарбиялап, колуңузга даярдап берди. Аны андан ары тарбиялап, өзүңүзгө орун басар кылып алуу сиздин колуңузда»,-демекчибиз.