Хакерлер 11-сентябрь жөнүндө жаңы жагдайларды чыгарды

Хакерлер 11-сентябрь жөнүндө жаңы жагдайларды чыгарды
11-Янв. 2019, Жума, 14:56

Джордж Буш менен Саудия королунун үй-бүлөсү кол салууларды мурдатан билгенби?

“The Dark Overlord” аттуу хакердик топ 2001-жылдын 11-сентябрындагы террордук кол салууларга байланыштуу 7 миң 500 документ жарыялады. Анда ошол мезгилдеги АКШнын президенти Джордж Буш менен Саудия королдугунун үй-бүлөсүнүн аты кездешет.

2 миллион долларлык баадагы Биткоин төлөмү жасалбаса, камсыздандыруу компанияларынан жана мамлекеттик мекемелерден уурдалган 11-сентябрдагы кол салууларга байланыштуу миңдеген жашыруун документ 5 партия түрүндө чыгарыларын билдирип коркуткан. Бирок талабы аткарылбагандыктан 2 партия документтер жарыяланган.

Өткөн аптада жарыялаган 650 документ менен өздөрү күткөн ийгиликке жете албаган “The Dark Overlord” “Башкы маалымат каражаттары көпкө чейин үн катпай турганына уруксат бербейбиз”,-деген.

Документтерге ылайык 11-сентябрдагы окуялардан улам зыян тарткан, аз өлчөмдө төлөм кылууга аракет кылган камсыздоо ишканалары, кол салууда колдонулган учактардын ээси болгон аба жолу компаниялары, учак чыгаргандар, АКШ Федералдык авиация уюмдары менен террорчуларды айыптоо жолуна барды.

Далил келтирилген жок

Кол салууда колдонулган Boeing 757 жана 767 тибиндеги учактар керектүү электрондук өткөргүч менен жабдылбаганы үчүн Boeing ишканасы айыпталгандардын арасында. Ошол мезгилдеги АКШнын президенти Джордж Буш менен Сауд Арабия королунун үй-бүлөсүнүн кол салуулар боюнча мурда кабардар болуп болбогондугуна байланыштуу сөздөр бар. Бирок ишканалар кол салууларда өкмөттүн тиешеси тууралуу далил сунуштай алышкан жок.

“The Dark Overlord” аттуу хакердик топ бул ирет 11-сентябрга байланыштуу чындыктарды ортого чыгаруу менен коркуткан сыяктуу.

Билдирүүлөргө ылайык топтун колунда “Lloyds of London” жана “Hiscox” сыяктуу глобалдык камсыздандыруу ишканаларына, Дүйнөлүк соода борборунун ээси Silverstein Properties ишканасына, Федералдык сурак бюросуна (FBI), Федералдык авиация башкармалыгына, Транспорт коопсуздук башкармалыгына жана Адилет министрлиги сыяктуу мамлекеттик мекемелерге байланыштуу жашыруун документтер бар.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР