NYT: FBI Трамптын Россия үчүн иштегендигин иликтеди

NYT: FBI Трамптын Россия үчүн иштегендигин иликтеди
14-Янв. 2019, Дүйшөмбү, 13:30

New York Times гезити Американын Федералдык сурак бюросунун (FBI) АКШнын президенти Дональд Трамптын Россия үчүн иштеп иштебегендигине байланыштуу жашыруун териштирүү иштерин жүргүзгөнүн жазды. Ак сарай аталган басылманын макаласын сынга алды.

Гезит жетекчилердин Дональд Трамптын 2016-жылдагы президенттик шайлоо учурунда Россия менен байланыштарынан шектенгенин, бирок мындай түрдөгү иликтөө иштеринин өтө опурталдуулугун, оордугун эске алып кайрылышпаганын белгиледи.

Бирок Трамптын 2017-жылы FBI директору Жеймс Комейди кубалагандан кийин жетекчилер шектенип, андан улам иликтөө иштери башталгандыгы жазылган.

Сурак Трамптын улуттук коопсуздукка коркунучу бары жогуна багытталган.

Трамп мындай териштирүүгө себеп жана далил болбогондугун айткан.

Twitter тармагындагы билдирүүсүндө "Ийгиликсиз New York Times басылмасынан FBIнын толугу менен кубаланган же айрым жаман себептерден улам мекемеден кетүүгө аргасыз болгон экс лидерлерин, жалганчы Жеймс Комейди кубалаганымдан кийин далили жок мен боюнча иликтөө башталгандыгын билип жатам!",-деген.
Ак сарайдын маалымат катчысы Сара Сандерс "Бул абсурд”,-деп, жазуу жүзүндөгү билдирүүсүндө "Жеймс Комей куулду. Ошол мезгилдеги анын жардамчысы Эндрю Маккейб белгилүү жалганчы эле жана FBI тарабынан куулду",-деген.
Американын чалгын кызматынын жетекчилери 2016-жылы Дональд Трампты колдоо жана анын атаандашы Хиллари Клинтонго зыян келтирүү үчүн Россия кибердик кол салган жана социалдык медиада жасалма кабарлар жарыялаган деген жыйынтыкка келген.
FBI эмнени изилдеди?
New York Times басылмасынын маалыматына караганда FBI эки түрдүү сурак жүргүзгөн. Бири каршы чалгын топтоо, экинчиси кылмыштык сурак сыпатында эле.
Каршы чалгын топтоо бөлүгүндө Трамптын Америка кызыкчылыктарына терс келе турганын билип, Россия үчүн иштеп иштебегени жана байкабай Москванын таасирине кабылып кабылбаганы изилдеди.
Экинчи бөлүгү Комейдин кубалоодо адилеттүүлүккө тоскоолдук кылуу максатынын бары жогу каралды.
FBIнын мурдагы директору Конгресстеги бир жыйында Трамп коопсуздук боюнча мурдагы кеңешчиси Майкл Флиннге карата сурактын аягына чыгаруу үчүн кысым көрсөтүлгөнүн айткан.
Флинн Россиянын Вашингтон элчиси менен жолугушууга байланыштуу FBIга жалган маалымат бергени үчүн айыпталган эле.

Гезит макаланы мурдагы жетекчилер, сурака байланыштуу маалымат билген адамдар жана FBIга 2017-жылдын декабрь айына чейин кеңешчилик кылган Джеймс Бейкерге таянып жазган.
Анын айткандарына караганда эгер Трамп Жеймс Комейди Россия сурагын токтотуу үчүн кубалады десе анда FBI Москванын 2016-жылдагы шайлоолоруна кандайча кийлигишкенин түшүнүү үчүн жасаган иштерге тоскоолдук кылган катары түшүнүүгө болот деген. Трамп Комейди кубалагандан эки күн өткөндө NBC телеканалына берген маегинде Комейди кетирип жатканда оюнда Россия сурагы болгонун айткан.
New York Times гезити FBI бул жашыруун териштирүү прокурор Роберт Мюллердин Трамп тууралуу жүргүзгөн кеңири масштабдагы сурагыны бир бөлүгүнө айланганын жазды.

Мюллер 2016-жылы өткөн АКШдагы президенттик шайлоодо Дональд Трамптын тобу Россия менен кызматташканына байланыштуу иликтөө жүргүзүүдө.

Трамп Россия менен кызматташканын танып, Мюллердин иликтөөсүн эң чоң тарыхый тузак катары сыпаттаган.

Трамптын адвокаттарынан Рудольф Б Жулиани иликтөөлөрдүн жагдайлары боюнча маалыматы жок экенин, бул териштирүү анча маанилүү эместигин айткан. "1,5 жыл мурда жасалган жана ушул мезгилде улуттук коопсуздукту бузууга багытталган далилдин табылбаганы эч нерсе табылбаганын көрсөтүп турат”,-деген.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР
​Хабиб Москвада Конор менен реваншга чыгууга даяр
​Хабиб Москвада Конор менен реваншга чыгууга даяр
Кыргызстанда балык экспорттоо 10 эсеге жогорулады
Кыргызстанда балык экспорттоо 10 эсеге жогорулады
Тогуз айда 1 миллион тоннадан ашык сүт өндүрүлдү
Тогуз айда 1 миллион тоннадан ашык сүт өндүрүлдү
Баткенде көмүр кымбаттап тоннасы 8.5 миң сом болду
Баткенде көмүр кымбаттап тоннасы 8.5 миң сом болду
Красноярск крайындагы кырсыктан 15 адам көз жумду
Красноярск крайындагы кырсыктан 15 адам көз жумду
​“Реалдын” футболчусу Мессини кумир тутаарын айтты
​“Реалдын” футболчусу Мессини кумир тутаарын айтты
2020-жылы бюджеттин жалпы кирешелерине 163.7 млрд сом каралууда
2020-жылы бюджеттин жалпы кирешелерине 163.7 млрд сом каралууда
Сентябрда өнөр жай продукциясынын көлөмү 26.5 млрд сомду түздү
Сентябрда өнөр жай продукциясынын көлөмү 26.5 млрд сомду түздү
Каба уулу Кожомкул атындагы спорт сарайы оңдолду (сүрөт)
Каба уулу Кожомкул атындагы спорт сарайы оңдолду (сүрөт)
2005-жылы өлгөн лидердин сөөгү эми жерге берилди
2005-жылы өлгөн лидердин сөөгү эми жерге берилди
  Легендарлуу Майкл Джордан ыйлап жиберди
Легендарлуу Майкл Джордан ыйлап жиберди
Аялдардан турган топ космоско аттанды
Аялдардан турган топ космоско аттанды
Абылгазиев:
Абылгазиев:"Профсоюз кызматкерлеринин эмгек акысын көтөрүүгө кезек келди"
Арстан Алайдын “Мен – Кудаймын” деген сөзү боюнча сотко чейинки өндүрүш башталды
Арстан Алайдын “Мен – Кудаймын” деген сөзү боюнча сотко чейинки өндүрүш башталды
​Хабиб сакчылары менен жүрүүгө мажбур болууда
​Хабиб сакчылары менен жүрүүгө мажбур болууда
​Месси: “Мен карьерамды “Барселона” менен аяктайм”
​Месси: “Мен карьерамды “Барселона” менен аяктайм”