Айлык акы 300 пайызга көтөрүлүп, 20 доллар болду

Айлык акы 300 пайызга көтөрүлүп, 20 доллар болду
16-Янв. 2019, Шаршемби, 13:12

Түштүк Америкадагы Венесуэла мамлекетинде экономикалык кризис көйгөйлөрү чечилбей жатат. Өлкөдө жылдык инфляция 1,7 пайыз миллионго жетти. Президенти Николас Мадуро көйгөйдү чечүүнүн ордуна жакыр калкка жага турган ачылыштарды жасоону улантууда. Бул ирет минималдуу айлык акыны 300 пайызга көтөрдү. Андан улам өлкөдө иштегендер 18 миң боливар алат. Бул айына 20 долларга туура келет. Пезиденттин айлык көтөргөнү парламенттеги сөзүндө белгилүү болду. “Мындан кийин эң аз маяна 18 миң боливар, башкача айтканда “жарым петро” болду”,-деди. Петро өлкөнүн жаңы крипто акча бирдиги.

Мунайга бай мамлекет

Жылына 300 миллиард баррель менен дүйнөдөгү эң көп мунай коруна ээ өлкө. Антсе да Венесуэлада абдан чоң экономикалык кризис болуп жатат. БУУнун маалыматына караганда өлкөдөгү экономикалык көйгөйлөр 2014-жылы башталган. Андан бери 2,3 миллион венесуэлалык башка жакка кетти. Бул жалпы калктын 7 пайызына туура келет.

Венесуэлла бул күнгө кандайча туш болду?

Дүйнөдө эң көп мунай коруна ээ экени белгилүү. Бул абал учурдагы экономикалык көйгөйлөрдүн башкы себеби. Ушунча мунайга ээ экенин билип, башка эч нерсе өндүрүүгө муктаждык сезген эмес. Мунайды экспорттоп, андан тапкан долларларга эл каалаган товарларды сырттан алып келип берген. Мунай экспорту өлкөнүн экспортунун 95 пайызын түзгөн. Бирок 2014-жылы мунай арзандаганда Венесуэланын валюта кирешелери азайган. Андан улам мурдагыдай товарларды импорттой албай калды. Өндүрүүчүлөр бааларды көтөргөндүктөн, инфляция учту. Венесуэла өкмөтү гипер инфляцияны жеңүү үчүн 2018-жылдын 20-августунда акчасындагы 5 нөлдү алып ыргытты.

Популизм инфляцияны күчөттү
Кыйычылыктарга эл президенти Николас Мадуро жана өкөмттү айыптады. Андан улам өкмөт акчага басым жасап, кыйналган элдин колдоосун алуу максатында минималдуу айлык акыны көтөрдү. Абал мындай болгон сайын акчанын наркы тездик менен жоголо баштады.

Өкмөт айрым карыздарынан кутула албагандыктан жаңы насыя алууда кыйналды. Карыз бергендер Венесуэлага инвестиция салууну калабай баштаганда өкмөттү көбүрөөк кыйналып, ан сайын инфляция өстү.
Николас Мадуронун акыркы минималдуу айлыктарды көтөрүү кадамы өлкөдөгү көйгөйлөрдү, экономикалык кризисти чечкенге караганда элдин колдоосун алганга жасалган аракет катары бааланууда.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР
"Коопсуз шаар" долбоорунун "кооптуу" жактары барбы?
Россия-Түндүк Корея: АКШ менен мамилелер колдоого алынат
Россия-Түндүк Корея: АКШ менен мамилелер колдоого алынат
Айтылуу төкмө акын Аалы Туткучев уран боюнча ырын төктү (видео)
Айтылуу төкмө акын Аалы Туткучев уран боюнча ырын төктү (видео)
Самара Каримованын атынан чайкана, тамак жана бильярд
Самара Каримованын атынан чайкана, тамак жана бильярд
Парламент өкмөттүн отчетун жактырды
Парламент өкмөттүн отчетун жактырды
​Дүйнөнүн 5 жаштагы эң күчтүү спортчусу (видео)
​Дүйнөнүн 5 жаштагы эң күчтүү спортчусу (видео)
Жээнбеков Пекин шаарына жумушчу визит менен учуп кетти
Жээнбеков Пекин шаарына жумушчу визит менен учуп кетти
Назира Айтбекова: “Өлүм башыбызга келген эң сонун нерсе болсочу?”
Назира Айтбекова: “Өлүм башыбызга келген эң сонун нерсе болсочу?”
​Роналду “Ювентус” клубуна 6 футболчуну алуусун айтты
​Роналду “Ювентус” клубуна 6 футболчуну алуусун айтты
Манжасы жок кыз конкурста жеңүүчү аталды
Манжасы жок кыз конкурста жеңүүчү аталды
БУУ: Афганистанда акыркы 10 жылда 75 миңден ашык жаран көз жумду
БУУ: Афганистанда акыркы 10 жылда 75 миңден ашык жаран көз жумду
Колуңуздун абалы боюнча ден соолугуңузду аныктаңыз!
Колуңуздун абалы боюнча ден соолугуңузду аныктаңыз!
Куудул Назира Жетигенова кечээ туулган күнүн өткөрдү
Куудул Назира Жетигенова кечээ туулган күнүн өткөрдү
Дарыларды дрондор тарата баштады
Дарыларды дрондор тарата баштады
Дана Уайт:
Дана Уайт: "​Нурмагомедов менен Макгрегор урматташаар убакыт келет"
Көзгө эң керектүү  витаминдер
Көзгө эң керектүү витаминдер