Ашпозчуга айлык бербеген президент гамбургер алдырды

Ашпозчуга айлык бербеген президент гамбургер алдырды
16-Янв. 2019, Шаршемби, 15:14

АКШнын президенти Дональд Трамп Ак сарайда кабыл алган конокторун куру кетире жаздады. Өкмөт жабык болгонун, ашкана кызматкерлери жоктугун шылтоо кылып, сырттан алдырган гамбургер, фри жана пицца менен коноктоду.

Университеттер аралык Футбол чемпионаттыгында биринчиликти алган Клемсон Тигр командасын кабыл алган президент спортчуларга McDonalds, Wendy жана Burger King ашканаларынын тамактарын бердирди.

Ак сарайдын маалымат катчысы Сара Сандерс “Washington Post” гезитине берген билдирүүсүндө “Трамп бардык адамдар жактырган тамактарды тандаганын, аларга кеткен акчаны өз чөнтөгүнөн төлөгөнүн айткан.

Ак сарайдын маалымат каражаттары боюнча кызматкери Хоган Гидли “CNN” телеканалына берген маегинде “Президент Клемсон Тигерди куттуктоо үчүн шаңдуу иш-чара өткөргүсү келди”,-деди.

Спортчулар кечки саат алтыда кабыл алынган. Аларды Ак сарайдын музыкалык тобу Майкл Жексондун “Billie Jean” аттуу ыры менен тосуп алган. Трамп сөзндө өкмөт убактылуу иштебегедиктен спортчуларды коноктобой кетирип кала жаздаганын жашырган жок. “Алгач сиздерге биринчи айым жасаган салаттарды берүүнү пландадык. Бирок аны мен каалаган жокмун. Ордуна гамбургер алдырттым”,-деди.

Менюда Американын жакшы тамактары бар экенин айткан Дональд Трамп "Бул жерде мага жаккандын бардыгы бар. Пиццалар, 300дөн ашык гамбургер жана картошка фри. Мындан жакшыларын жасай албайт болчубуз”-деди.

Тамаша иретинде “Көрөлү, тамактар ашар бекен? Көп деп ойлобойм”,-дегендери салондогуларды күлдүрдү.

АКШнын президенти бул жолку тамакка канча каража жумшаганы жазыла элек.

Уулангандан коркуп Mcdonalds жейт

Трамптын Ак сарайдагы алгачкы жылы жазылган китептин автору, журналист Майкл Вольф АКШ президенти ууланып калуудан коркуп McDonalds тез татымынын тамагын тандаганын белгилеген.

Федералдык өкмөт жабык

Өкмөттүн жабылыш Ак сарайдын кызматкерлеринен турган 800 миңдей мамлекеттик кызматкерге таасирин тийгизди.

Алардын көбү 24 күнгө эмгек өргүсүн чыгарылса, айрымдары айлык акы албай иштеп жатат.

Дональд Трамп Мексика менен болгон чек арага дубал курууга 5,7 миллиард доллар бөлүнбөгөндүктөн федералдык бюджетти бекитүүдөн баш тартып жатат. Андан улам федералдык мекемелердин төрттөн бири каалгаларын жапты. Аба транспортторун көзөмөлдөө жана чалгын кызматтары бюджет макулдашылганга чейин бекер иштешет.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР
Өкмөт инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууда элдин кызыкчылыгын жогору коёт
Өкмөт инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууда элдин кызыкчылыгын жогору коёт
​Усэйн Болт жакында ата болоорун айтты
​Усэйн Болт жакында ата болоорун айтты
Жээнбеков менен Рахмон чек ара алакасын бекемдөө чараларын талкуулашты
Жээнбеков менен Рахмон чек ара алакасын бекемдөө чараларын талкуулашты
Саламаттыкты сактоо министрлиги коронавирустан сактануунун жолдорун сунуштады
Саламаттыкты сактоо министрлиги коронавирустан сактануунун жолдорун сунуштады
​Неймар тууралуу документалдык тасма тартылууда
​Неймар тууралуу документалдык тасма тартылууда
"Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө” мыйзам долбоору талкууланды
Назира Айтбекова: Апам түгөй күтүп, бактылуу болуусу абзел!
Назира Айтбекова: Апам түгөй күтүп, бактылуу болуусу абзел!
Финполиция Бишкекте мыйзамсыз бензин сатып жаткан түйүндү аныктады
Финполиция Бишкекте мыйзамсыз бензин сатып жаткан түйүндү аныктады
Арыктоого балансталган азыктар
Арыктоого балансталган азыктар
Евро биримдик Брекзит келишимин колдоду
Евро биримдик Брекзит келишимин колдоду
Экотехинспекциянын директорун кызматтан алуу сунушталды
Экотехинспекциянын директорун кызматтан алуу сунушталды
Жээнбеков президенттик ишмердүүлүгүндөгү эң артыкчылыктуу багыттын айтты
Жээнбеков президенттик ишмердүүлүгүндөгү эң артыкчылыктуу багыттын айтты
 Айпери Кулбаева жаңы ыр жыйнагын сунуштады (видео)
Айпери Кулбаева жаңы ыр жыйнагын сунуштады (видео)
Сорос климаттагы өзгөрүүлөр жана авторитаризм менен күрөшөт
Сорос климаттагы өзгөрүүлөр жана авторитаризм менен күрөшөт
Дүйнөдөгү эң күчтүү смартфон аныкталды
Дүйнөдөгү эң күчтүү смартфон аныкталды
Санариптештирүү боюнча чечимди аткарбаган жетекчилерге катуу чара көрүлөт
Санариптештирүү боюнча чечимди аткарбаган жетекчилерге катуу чара көрүлөт