Кытайдын жаңы технологиядагы куралы көпбү?

Кытайдын жаңы технологиядагы куралы көпбү?
17-Янв. 2019, Бейшемби, 14:25

Пентагондун чалгын ишмердиктерин жүргүзгөн Чалгын департаментинин (DIA) рапортуна ылайык Кытай акырындык менен өлкө базарына кире турган чет элдик ишканаларга технологиялык сырларын берүүгө аргасыз кылган мыйзамдарынын эсебинен акыркы жылдарда аскердик тармакта алдыга жылды. Пентагон Кытайдын дүйнөдөгү эң өнүккөн курал системасына ээ экендигин жана айрым тармактарда атаандаштарынан өткөнүн билдирди.

BBC кызматынын кабарына ылайык рапортто “Мүмкүн болгон ар түрдүү жол менен технологияга жетишкен Кытай жабдылган орто жана узак аралыка ылайыкталган ракеталар жана үндөн да ылдам жана ракетадан коргоочу системаларга байкалбаган бир катар технологияда лидерликке чыкты. Технологияга жетишүүгө жакындаганы жагынан Кытайдын армиясы азыр эң жаңы курал системаларына ээ. Ал тургай айрым тармактарда дүйнө лидери”,-деп жазылган.

Чалгын боюнча билдирүүдө Кытайдын аймактык жана глобалдык буталарга сокку ура ала тургандай, радарга кармалбаган орто жана узак аралыктагы согуштук учактарды чыгарып жатышканы, бул учактар 2025-жылга чейин колдонула баштары белгиленген.

“Кытайдын көзү Тайванда”

Guardian гезитиндеги маалыматка ылайык Кытайдын башкы көз салган жерлеринин бир бөлүгү катары эсептелген Тайван менен чатак болушу мүмкүн.

Кытай Тайван расмий эгемендигин жарыяласа же болбосо сырткы күчтөрдүн кийлигишүүсү болсо күч колдонуудан кайра тартпай турганы болжолдонууда.

Рапортко байланыштуу журналисттердин суроолоруна жооп берген Пентагондогу жетекчилердин бири кытайлык генералдар Тайванды оккупациялай ала тургандай ишенимге ээ экенин белгилеген.

Тайвандын Кытайдан көз карандысыз башкаруусу, өз желеги жана өкмөтү бар. Бирок БУУ Тайванды эгемендүү өлкө катары тааный элек.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР
Өкмөт инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууда элдин кызыкчылыгын жогору коёт
Өкмөт инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууда элдин кызыкчылыгын жогору коёт
​Усэйн Болт жакында ата болоорун айтты
​Усэйн Болт жакында ата болоорун айтты
Жээнбеков менен Рахмон чек ара алакасын бекемдөө чараларын талкуулашты
Жээнбеков менен Рахмон чек ара алакасын бекемдөө чараларын талкуулашты
Саламаттыкты сактоо министрлиги коронавирустан сактануунун жолдорун сунуштады
Саламаттыкты сактоо министрлиги коронавирустан сактануунун жолдорун сунуштады
​Неймар тууралуу документалдык тасма тартылууда
​Неймар тууралуу документалдык тасма тартылууда
"Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө” мыйзам долбоору талкууланды
Назира Айтбекова: Апам түгөй күтүп, бактылуу болуусу абзел!
Назира Айтбекова: Апам түгөй күтүп, бактылуу болуусу абзел!
Финполиция Бишкекте мыйзамсыз бензин сатып жаткан түйүндү аныктады
Финполиция Бишкекте мыйзамсыз бензин сатып жаткан түйүндү аныктады
Арыктоого балансталган азыктар
Арыктоого балансталган азыктар
Евро биримдик Брекзит келишимин колдоду
Евро биримдик Брекзит келишимин колдоду
Экотехинспекциянын директорун кызматтан алуу сунушталды
Экотехинспекциянын директорун кызматтан алуу сунушталды
Жээнбеков президенттик ишмердүүлүгүндөгү эң артыкчылыктуу багыттын айтты
Жээнбеков президенттик ишмердүүлүгүндөгү эң артыкчылыктуу багыттын айтты
 Айпери Кулбаева жаңы ыр жыйнагын сунуштады (видео)
Айпери Кулбаева жаңы ыр жыйнагын сунуштады (видео)
Сорос климаттагы өзгөрүүлөр жана авторитаризм менен күрөшөт
Сорос климаттагы өзгөрүүлөр жана авторитаризм менен күрөшөт
Дүйнөдөгү эң күчтүү смартфон аныкталды
Дүйнөдөгү эң күчтүү смартфон аныкталды
Санариптештирүү боюнча чечимди аткарбаган жетекчилерге катуу чара көрүлөт
Санариптештирүү боюнча чечимди аткарбаган жетекчилерге катуу чара көрүлөт