Brexit боюнча 5 суроо: Эми эмне болот?

Brexit боюнча 5 суроо: Эми эмне болот?
17-Янв. 2019, Бейшемби, 17:37

Англиянын премьер-министри Тереза Мэй Европа биримдиги менен түзгөн Brexit макулдашуусунан парламент баш тартты. Өлкөдөгү олуттуу учур кеңири талкуулана баштады. Эми эмне болот? Мэй кызматында кала алабы? Brexit макулдашуусун өзөгөртүүгө болобу дегендей 5 суроо жаралат.

Англияда Европа биримдигинен (ЕБ) бөлүнүү процесси (Brexit) премьер-министр Мэйдин Брюссель менен болгон макулдашуусунан Англия парламентинде көпчүлүк баш тарткандан кийин белгисиз жолдо калды.

Англия парламенти бекиткен жок, эми эмне болот?

1- Добуш берүү эмнеге байланыштуу?
Англиялык депутаттар Мэйдин эки жылдан ашык созулган сүйлөшүү процессинин жыйынтыгында түзүлгөн ЕБ менен макулдашкан келишимге добуш берди. Мэй тарыхый жеңилүүгө учурады. Мэйдин өкмөтүнүн келишим долбоорун 202 гана депутат колдоп, 432си каршы чыкты. Баш тарткандардын 118и Мэйдин өзүнүн партиясындагылар эле. Англиянын маалымат каражаттары бул добуш берүүнү өлкө тарыхындагы башкаруудагы өкмөт кабылган эң чоң жеңилүү катары сыпаттады.

2- Макулдашууда эмнелер камтылган?
Мэйдин ЕБ менен түзгөн макулдашуусунда соода жана коопсуздук сыяктуу тармактардагы мамилелер кандай уланары белгиленген. Англиянын ЕБге 39 миллиард стерлин “ажырашуу акысы” төлөөрү каралган. Англиядагы ЕБ жарандары жана ЕБдеги Англия жарандарынын иштөө, билим алуу укуктарынын шарттарды белгиленген.
Мэйдин өз партиясынан депутаттар Англияга пайдалуу шарттар камтылбаганын айтып, макулдашууну сынга алды.
3- Эми эмне болот?
29-мартта же жакынкы күндө башталышы күтүлгөн олуттуу процесс белгисиздикке кабылды. Лондон үчүн түш сымал сценарий ЕБ менен макулдашуу кылбастан бир түндө чыгууга аргасыз болуу.
Англия маалымат каражаттары мындай оор жеңилүүдөн кийин Мэйдин өлкөнүн саясий салттарын карап чыгуусун жана кызматынан чегиниши керектигин жазууда. Бирок Англиянын премьер-министри Brexit процессинде жоопкерчиликти таштабай тургандыгын, бирок кийинки шайлоодо партиясына лидерлик кылбай тургандыгын айткан эле. Бул чекте күтүлгөн кадам оппозициядагы Жумушчу партиясынан келди. Жумушчу партиясынын лидери Жереми Корбин парламентте добушка коюлушун расмий түрдө талап кылды.
Добуш берүү болот. Эгер Мэй көпчүлүк добуш ала албаса башка жолдор тандалат. Ордуна башка премьер-министр дайындалышы мүмкүн. Жаңы курула турган өкмөттүн 14 күн ичинде ишеним добуш алышы керек. Бул ишке ашпаса мөөнөтүнөн мурда шайлоо өтөт.
4- Серепчилер эмне дейт?
Англиянын маалымат каражаттары макулдашуудан баш тартылганы Мэйге берилген ишеним добушту автоматтык түрдө жоготпой турганын жазып жатат. Бул көз карашка караганда Мэйдин өз партиясындагы депутаттар макулдашуунун өзгөртүлүшүн каалагандыгы үчүн баш тартты. Бирок бул өкүлдөрдүн ишеним добуш берүүсүндө өз партияларынын артында туруп, Мэйге колдоо көрсөтүүсү күтүлөт.
Мындай жыйынтыкта Тереза Мэйдин жаңы макулдашууга барары күтүлөт. Бирок Европа биримдиги дагы аталган макулдашууда Англияга жетишинче жеңилдиктер берилгенин айтып, “Акыркы текст ушул” деген билдирүү жасаган.

5- Макулдашуусуз чыгуу деген эмне?
Тереза Мэйдин Англия парламентинин ынандырып добуш ала албагандыгы, Брюсселди жаңы бир макулдашууну кабыл алдыра албаса Англиянын ЕБден макулдашуусуз чыгуусу талкууланат. Бул Лондондун 29-мартта ЕБ менен мамилелерин расмий макулдашуу жана убактылуу процесс болбостон бир түндө чыгуусу дегендик.
Этабы менен тартылууну саптан чыгарган мындай сценарий Англия үчүн зыяндуу болору болжолдонууда. Макулдашуусуз чыгууда Англия соода тармагын ЕБ эмес, Дүйнөлүк соода уюмунун эрежелери менен карашы керек болот. Андай болсо көптөгөн тармактарында жаңы экспорт жана импорт салыктары келери күтүлөт. Англияда жашоо дароо кымбаттай баштары белгиленүүдө. Ошондой эле Англия ЕБге мүчө мамлекеттер менен соода макулдашууларын жоготот. Чек аралар арасындагы соодада жаңы макулдашуулар түзүлгөнгө чейин көйгөйлөр күтүлөт.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР
"Коопсуз шаар" долбоорунун "кооптуу" жактары барбы?
Россия-Түндүк Корея: АКШ менен мамилелер колдоого алынат
Россия-Түндүк Корея: АКШ менен мамилелер колдоого алынат
Айтылуу төкмө акын Аалы Туткучев уран боюнча ырын төктү (видео)
Айтылуу төкмө акын Аалы Туткучев уран боюнча ырын төктү (видео)
Самара Каримованын атынан чайкана, тамак жана бильярд
Самара Каримованын атынан чайкана, тамак жана бильярд
Парламент өкмөттүн отчетун жактырды
Парламент өкмөттүн отчетун жактырды
​Дүйнөнүн 5 жаштагы эң күчтүү спортчусу (видео)
​Дүйнөнүн 5 жаштагы эң күчтүү спортчусу (видео)
Жээнбеков Пекин шаарына жумушчу визит менен учуп кетти
Жээнбеков Пекин шаарына жумушчу визит менен учуп кетти
Назира Айтбекова: “Өлүм башыбызга келген эң сонун нерсе болсочу?”
Назира Айтбекова: “Өлүм башыбызга келген эң сонун нерсе болсочу?”
​Роналду “Ювентус” клубуна 6 футболчуну алуусун айтты
​Роналду “Ювентус” клубуна 6 футболчуну алуусун айтты
Манжасы жок кыз конкурста жеңүүчү аталды
Манжасы жок кыз конкурста жеңүүчү аталды
БУУ: Афганистанда акыркы 10 жылда 75 миңден ашык жаран көз жумду
БУУ: Афганистанда акыркы 10 жылда 75 миңден ашык жаран көз жумду
Колуңуздун абалы боюнча ден соолугуңузду аныктаңыз!
Колуңуздун абалы боюнча ден соолугуңузду аныктаңыз!
Куудул Назира Жетигенова кечээ туулган күнүн өткөрдү
Куудул Назира Жетигенова кечээ туулган күнүн өткөрдү
Дарыларды дрондор тарата баштады
Дарыларды дрондор тарата баштады
Дана Уайт:
Дана Уайт: "​Нурмагомедов менен Макгрегор урматташаар убакыт келет"
Көзгө эң керектүү  витаминдер
Көзгө эң керектүү витаминдер