Белгилүү спортчу адам укуктарына токтолду

Белгилүү спортчу адам укуктарына токтолду
19-Янв. 2019, Ишемби, 13:46

Aмериканын баскетбол лигасынын (NBA) “New York Knicks” командасында ойногон улуттук оюнчу Энес Кантер АКШнын алдыңкы маалымат каражаттарынын бири The Washington Post басылмасына (WAPO) макала жазды. Кантер командасынан 17-январда Лондондо Washington Wizards менен ойной турган мелдешке коопсуздугунан улам бара албай калганын айтты.

“Президент сынга алгандарды Interpol жардамы менен кармоого аракеттенет”

Кантер президент Тайип Эрдогандын Interpolду пайдаланып өзүн сынга алгандарды каматууга аракет кылганын айтты. Американын жараны эместигин билдирген спортчу “Мени коргой турган Америка паспортум жок. Андыктан өлкө сыртына саякатка чыгып, коопсуздугумду тоболкелдикке салбайм. Түрк тыңчылары оңой эле өлтүрүп же кармап кетишет. Андан улам Англияга бара алмак эмесмин”,-деди.

Жазуусунда 2016-жылдагы төңкөрүш аракетинен кийин Түркияда болгондор тууралуу айткан спортчу “Президент кеңири масштабдагы иштерди баштады. Мамлекеттик кызматтарда иштеген 100 миңдей адамды иштен кетирсе, алардын 50 миңин каматты. Булар күнөөлүүлөр эмес. Арасында окумуштуулар, журналисттер, соттор бар. Эрдоган сүйлөшүү эркиндигинин кооптуу болгондугун ойлонуп жатат жана сынга алгандарды террорист катары айыптап келет. Мен да бутага алынгандардын биримин. Эрдоган менин Түркияга кайтканымды талап кылат”,-деген.

“Изделип жатканымды Индонезияда билдим”

Кантер 2017-жылы өзүнө тиешелүү кайрымдуулук уюму менен Индонезияда балдардын баскетбол лагерине барганын эске салды. “Изделип жатканымды түн жарымында ойготушканда билдим. Менеджерим Түркия Индонезиянын полициясына кооптуу экенимди, изделип жатканымды айтышкан экен. Биз дароо аэропотуна жөнөдүк. Биринчи учак менен өлкөдөн кеттик. Индонезиядан Сингапурга, ал жактан Румынияга өттүм. Румынияда түрк өкмөтү мага издөө салганын жана паспортумду жокко чыгарганын билдим”,-деди.

“Жалгыз жүрө албайм”

Улуттук оюнчу Нью-Йоркто өзү жалгыз жүрө албагандыгын айтты. “Түрк өкмөтү тууралуу көп сөз кылганымдан каршылыктар болорун билгем. Бирок мынчалыкка жетерин билген эмесмин. Коркутуулар көп болот. Шаарды жалгыз кыдырганды жакшы көрчү элем. Азыр андай эмес, көп чыга албайм. Түркиядагы досторум жана ата-энем мени менен сүйлөшсө камалышы мүмкүн. Ушул себептерден улам Лондонго барбай калгандай эле өткөн жылы Норвегиядагы Адам укуктары уюмунун форумуна катыша алган жокмун”,-деди спортчу.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР
"Коопсуз шаар" долбоорунун "кооптуу" жактары барбы?
Россия-Түндүк Корея: АКШ менен мамилелер колдоого алынат
Россия-Түндүк Корея: АКШ менен мамилелер колдоого алынат
Айтылуу төкмө акын Аалы Туткучев уран боюнча ырын төктү (видео)
Айтылуу төкмө акын Аалы Туткучев уран боюнча ырын төктү (видео)
Самара Каримованын атынан чайкана, тамак жана бильярд
Самара Каримованын атынан чайкана, тамак жана бильярд
Парламент өкмөттүн отчетун жактырды
Парламент өкмөттүн отчетун жактырды
​Дүйнөнүн 5 жаштагы эң күчтүү спортчусу (видео)
​Дүйнөнүн 5 жаштагы эң күчтүү спортчусу (видео)
Жээнбеков Пекин шаарына жумушчу визит менен учуп кетти
Жээнбеков Пекин шаарына жумушчу визит менен учуп кетти
Назира Айтбекова: “Өлүм башыбызга келген эң сонун нерсе болсочу?”
Назира Айтбекова: “Өлүм башыбызга келген эң сонун нерсе болсочу?”
​Роналду “Ювентус” клубуна 6 футболчуну алуусун айтты
​Роналду “Ювентус” клубуна 6 футболчуну алуусун айтты
Манжасы жок кыз конкурста жеңүүчү аталды
Манжасы жок кыз конкурста жеңүүчү аталды
БУУ: Афганистанда акыркы 10 жылда 75 миңден ашык жаран көз жумду
БУУ: Афганистанда акыркы 10 жылда 75 миңден ашык жаран көз жумду
Колуңуздун абалы боюнча ден соолугуңузду аныктаңыз!
Колуңуздун абалы боюнча ден соолугуңузду аныктаңыз!
Куудул Назира Жетигенова кечээ туулган күнүн өткөрдү
Куудул Назира Жетигенова кечээ туулган күнүн өткөрдү
Дарыларды дрондор тарата баштады
Дарыларды дрондор тарата баштады
Дана Уайт:
Дана Уайт: "​Нурмагомедов менен Макгрегор урматташаар убакыт келет"
Көзгө эң керектүү  витаминдер
Көзгө эң керектүү витаминдер