Мэйдин алдындагы 5 тандоо

Мэйдин алдындагы 5 тандоо
22-Янв. 2019, Шейшемби, 17:34

Англия аялуу саясий учурду башынан өткөрүп жатат. Референдумдун негизинде ишке ашкан Brexit (Европа биримдигинен чыгуу) чечимин ишке ашыруу эки жылдан ашык убакыттан бери талкууланып жатат.

Англиянын премьер-министри Тереза Мэй узак сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында ЕБдин лидерлеринин саммитинде бекитилген макулдашууну алып чыкты.

500 барактан турган келишимде Англиянын ЕБден чыгуу боюнча масштабдуу планы сунушталган. Бирок анда жазылгандар оппозицияны да, өз партиясын да ишендире алган жок. Парламентте добушка коюлду. Бирок 202ге каршы 432 жок деген добуш менен кабыл алынган жок.

Мэйдин макулдашуусу жок ЕБден чыгуусуна шарт түзүлбөй, жаңы планды парламентке сунуштоо жагы чечилди.

Мэйдин жаңы планына каршы чыгууга себеп болгон башкы жагдайлар, “Backstop” башкача айтканда королдуктун бир бөлүгү Түндүк Ирландия жана ЕБдин мүчөсү Ирландия республикасынын ортосундагы чек арага байланыштуу маселелер.

Түндүк Ирландия менен Ирландия республикасынын ортосундагы чек аралар маданий жана соода ишмердиктерине ачык болуусу планда жазылган. Ошондой эле, эки тараптуу чек арага байланышкан өзгөртүүлөр эки тарап ортосунда алдыда боло турган оңдоолорго карата чечилет.

План Англиянын Евро биримдиктен (ЕБ) бөлүнүшүн, өз алдынча болуусун туура көрөт. Бирок бажы биримдиги жана эркин аймак эрежеси ошол бойдон калмак. Соода боюнча пикир келишпестиктер болсо азыркы учурдагыдай эле Европанын сотторунун чечими маанилүү.

Англиядагы саясий кризистин башкы себеби ушул пункттар. Ирландия чек арасынын качан чечилери белгисиз.

Мэй өкмөтүнүн алдында 5 тандоо турат

Биринчиси ЕБ менен кайрадан талкууга отуруу жана жаңы “Б” планын парламенттин кароосуна сунуштоо. ЕБ лидерлери азырынча бул сунушка жакшы караган жок.

Экинчиси ЕБден бир жактуу башкача айтканда макулдашуусуз 29-мартта бөлүнүү. АКШнын президенти Дональд Трамп Англия менен масштабдуу макулдашуу түзүү үчүн бул планды колдойт.

Үчүнчүсү ЕБ менен 29-мартта кол коюла турган Brexit макулдашуусу аз дегенде 3 ай артка жылдырылып, жаңы пландын даярдалышы… Артка жылдырууга ЕБ өлкөлөрү макул болушу мүмкүн. 29-мартта макулдашууга кол коюла турган болсо ЕБден толук бөлүнүүнүн тарыхы 2020-жылдын декабрь айына туура келет. Англия 2022-жылга чейин ЕБге 40 миллиардга жакын фунт салым кошуусун улантат.

Төртүнчүсү ЕБден бир тараптуу чыгуу чечими, бул боюнча жаңы пландын элдин кароосуна сунушталышы же Brexit референдумун кайрадан добушка коюу.

Экинчи референдум боюнча пикирди Мэй колдобойт. Бирок саясий тыгында турганда жалгыз тандоо болсо кабыл алышы мүмкүн.

Бешинчиси Мэйдин өкмөтүнүн отставкасы жана кезексиз шайлоо өткөрүп, кыйынчылыктардан чыгуу жолун издөө.

Мэй өкмөтү парламенттеги тарыхый жеңилүүдөн кийин дароо ишенимин добушка коюу сынагына кабылды. 325 депутат өкмөткө ишеним көрсөткөндүктөн кезексиз шайлоо боюнча кеп козголбой турган болду.

Brexit талкуулары Англия жаап койгон сыяктуу. Бул белгисиздик экономикасына олуттуу түрдө таасир этүүдө.

Англия ЕБден чыккан менен ЕБ мыйзамдарынын өзгөрүүсү жылдарды талап кылат. Башка мамлекеттер менен эки тараптуу соода келишимдерине кол коюсу, алардын ишке ашышы да жогоруда айтылгандай көп жылдарга созулат.

Бул абал Англиянын Европанын каржы борбору болуу өзгөчөлүгүнө тоскоол болот. Ошол эле мезгилде Англияга инвестиция кылып ЕБге экспортту пландаган ишканаларды дагы ойлондурат.

Экономикасы ири өлчөмдө кызмат тармагына таянган Англия үчүн кризистен чыгуу оңой болчудай эмес. Дегеле “Brexit, No-exit” диллемасы референдумдан 3 жыл өтсө да чечилген жок.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР
Массалык башаламандык боло тургандыгы жөнүндө билдирүү тараткан жаран аныкталды
Массалык башаламандык боло тургандыгы жөнүндө билдирүү тараткан жаран аныкталды
Роналду зордуктоо менен айыптаган кызга пара бергендигин айтты
Роналду зордуктоо менен айыптаган кызга пара бергендигин айтты
Бишкекте таштандыларды жыйноо боюнча акция өтөт
Бишкекте таштандыларды жыйноо боюнча акция өтөт
Өмүрбек Бабановго айып салынды
Өмүрбек Бабановго айып салынды
​Хабиб Нурмагомедовдун UFC келишими аяктайт
​Хабиб Нурмагомедовдун UFC келишими аяктайт
Баланын акыл-эсин өстүрүүчү азыктар
Баланын акыл-эсин өстүрүүчү азыктар
Кепилдик фондунун каражаттарынын 78% аймактык долбоорлорго багышталды
Кепилдик фондунун каражаттарынын 78% аймактык долбоорлорго багышталды
Эртең Кыргызстанда туруксуз аба-ырайы күтүлөт
Эртең Кыргызстанда туруксуз аба-ырайы күтүлөт
Кыргыз-казак төкмөлөрү күч сынашат
Кыргыз-казак төкмөлөрү күч сынашат
Бүгүн Жогорку сотто Текебаев менен Чотоновдун иши каралат
Бүгүн Жогорку сотто Текебаев менен Чотоновдун иши каралат
Бишкек - Дели - Бишкек авиакаттамы ишке кирди
Бишкек - Дели - Бишкек авиакаттамы ишке кирди
Бийликтен четтеген президент ханзаададан  акча алганын моюнуна алды
Бийликтен четтеген президент ханзаададан акча алганын моюнуна алды
Кыргыз-орус өнүктүрүү фонду 7 айда 4,5 млрд сомдук 369 долбоорду каржылады
Кыргыз-орус өнүктүрүү фонду 7 айда 4,5 млрд сомдук 369 долбоорду каржылады
“Көчмөндөр модасы – 2019” шоу-фестивалы башталды
“Көчмөндөр модасы – 2019” шоу-фестивалы башталды
Трамп көк тиреген имараттарды салбай турган болду
Трамп көк тиреген имараттарды салбай турган болду
Балага кантип туура багыт берүү керек?
Балага кантип туура багыт берүү керек?