АКШ Венесуэлага жаңы лидер дайындады. Эл көчөдө

АКШ Венесуэлага жаңы лидер дайындады. Эл көчөдө
24-Янв. 2019, Бейшемби, 17:32

Венесуэлада өлкө башчысы Николас Мадуро өкмөтү күчүн жоготкону белгилеген, өзүн фактылык түрдө президент жарыялаган Улуттук парламенттин төрагасы Хуан Гуайдого АКШдан колдоо келди. АКШнын президенти Дональд Трамп Гуайдону өлкөнүн лидери катары тааныганын жарыялады. “Венесуэлада демократия кайрадан курулушу керек. Бул үчүн АКШ экономикалык жана дипломатиялык күчүн толугу менен жумшайт”,-деди.

Эл көчөгө чыкты

Жалпы өлкө боюнча эл чыңалган абалда. Эки тараптын жактагандардын ортосунда кагылышуулар катталууда.

Хуан Гуайдо ант берди

Оппозициянын колунда турган, бирок 2017-жылы укуктары колдон алынган Улуттук парламенттин төрагасы Хуан Гуайдо Трамптын билдирүүсүнөн бир нече мүнөт мурда уюштурган митингде ант берип, өзүн өлкөнүн президенти катары жарыялады.

АКШ жаңы лидерди таанырын айтканда ага удаа Канада, Чили, Перу, Бразилия, Гваматела, Колумбия жана Парагвай сыяктуу Америка материгиндеги мамлекеттер Гуайдо өкмөтүн тааныгандыгын жарыялады.

Ал эми Мексиканын Тышкы иштер министрлиги Мадуронун бийлигин тааный турганын белгиледи.

Мадуродон каршылык

Мадуро борбор Каракаста жайгашкан резиденциясына чогулган колдоочуларына кайрылды. Бул чечимге каршылык көрсөткөн Мадуро АКШ менен дипломатиялык байланыштар үзүлгөнүн айтты. Ошондой эле Венесуэлада жайгашкан АКШ дипломаттарын 72 саат ичинде өлкөдөн чыгып кетүүсүн талап кылды.

Венесуэлада жыл башынан берки окуялар

Акыркы күндөрдө оппозициядагы топтор экономикалык көйгөйлөрү жана Мадуро бийлигин протест кылуу максатында козголоңдорду уюштурушууда. Өлкөнүн ичинде болгон Баш мыйзам жана саясий кризистен улам эки парламент бар.

Бир жакта 2017-жылы болгон жана оппозиция бойкот кылган шайлоолор менен Баш мыйзамды кайрадан жазуу үчүн түзүлгөн куруучу парламент бар. Экинчи жакта ошол эле мезгилде укуктары колунан алынып, жараксыз кылынган Улуттук парламент бар. Куруучу парламентте Мадурону колдогондор көп. Улуттук межлис оппозициянын колунда жана АКШ колдоого алат.

Улуттук межилис өзүн Венесуэлада демократиялык жол менен шайланган жалгыз жана мыйзамдуу түзүлүш деп эсептейт. Төрагалыгына Венесуэла саясатындагы жаңы жүз 35 жаштагы Хуан Гуайдону шайлады. Ошондой эле демократияны кайрадан куруу үчүн жасалган аракеттерде армиядан колдоо талап кылды.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР
Орток декларация: Укуктун үстөмдүгүн талап кылабыз
Орток декларация: Укуктун үстөмдүгүн талап кылабыз
Милиция кызматкери башында турган кылмыштуу топ пара менен кармалды
Милиция кызматкери башында турган кылмыштуу топ пара менен кармалды
«Сулайман-Тоо» комплексинин макамынын сакталышы көзөмөлгө алынат
«Сулайман-Тоо» комплексинин макамынын сакталышы көзөмөлгө алынат
​Месси “Дэвис Кубогунун” инвесторлорунун бири болду
​Месси “Дэвис Кубогунун” инвесторлорунун бири болду
Уруксаты жок туристтер Эверестке чыга албайт
Уруксаты жок туристтер Эверестке чыга албайт
​Футболчу оюн учурунда каза болду
​Футболчу оюн учурунда каза болду
Казак журналисти текебер шаардыктарга нааразы болду
Казак журналисти текебер шаардыктарга нааразы болду
Дубалдын айынан өзгөчө кырдаал кирет
Дубалдын айынан өзгөчө кырдаал кирет
Калдык сактагычтарды рекультивациялоо маселеси талкуулады
Калдык сактагычтарды рекультивациялоо маселеси талкуулады
Куудулдар Ысык-Көлдүн элине күлкү тартуулашат
Куудулдар Ысык-Көлдүн элине күлкү тартуулашат
​Футболчуну акыркы сапарга узатуу зыйнаты өтөт
​Футболчуну акыркы сапарга узатуу зыйнаты өтөт
Айпери Кубик кызы президент тууралуу түшүн жорутууда
Айпери Кубик кызы президент тууралуу түшүн жорутууда
​Көк-бөрү боюнча эл аралык мелдештердин эрежеси өзгөрдү
​Көк-бөрү боюнча эл аралык мелдештердин эрежеси өзгөрдү
Рыскелди Момбеков: “Бийлик миң кишинин үйүн сүрдүрө албайт” (видео)
Рыскелди Момбеков: “Бийлик миң кишинин үйүн сүрдүрө албайт” (видео)
​Лев Яшин тарыхтын мыкты дарбазачысы аталды
​Лев Яшин тарыхтын мыкты дарбазачысы аталды
Путин манжасын оорутуп алды
Путин манжасын оорутуп алды