Дүйнө экиге бөлүндү: Ким кайсы тарапта?

Дүйнө экиге бөлүндү: Ким кайсы тарапта?
25-Янв. 2019, Жума, 12:51

Венесуэла 21-январдагы ийгиликсиз аскердик төңкөрүш аракетинен кийин саясий кризиске кабылды.

Жүз миңдеген киши борбор Каракаска чогулду. Оппозициядагы көпчүлүк Венесуэла улуттук парламенти башкаруу укугун өткөрүп алганын ачыкка чыгарды. Улуттук парламент башчысы Хуан Гуайдо өзүн убактылуу президент деп атады.

Дүйнө лидерлери саясий кризистин босогосуна алып барган окуялардан кийин экиге бөлүндү. Бир тарапта Гуайдого колдоо көрсөтүп, анын өкмөтүн тааныгандар. Экинчи жакта окуяларга аскердик төңкөрүш катары баа берип, сындагандар.

Гуайдону колдогондор

АКШ

АКШнын президенти Дональд Трамп Улуттук парламенттин төрагасы Хуан Гуайдону Венсуэланын убактылуу президенти катары тааныганын Twitter тармагына жазды.

Аны туура эмес деп эсептеген учурдагы президент Николас Мадуро АКШ менен бардык дипломатиялык мамилелерин үзгөнүн билдирип, америкалык дипломаттарды 72 саат ичинде өлкөдөн чыгып кетүүгө чакырды.

Бирок АКШнын Тышкы иштер министри Майк Помпео америкалык дипломаттардын Венесуэладан чыкпай турганын билдирди. “АКШ мындан кийин дипломатиялык мамилелерди Гуайдо өкмөтү менен иш жүргүзөт. АКШ Мадуро режимин тааныган жок. Андыктан экс-президенттин дипломатиялык байланыштарды үзүүгө укугу жок”,-деди.

Европа биримдиги

Европа кеңешинин президенти Дональд Туск “Тwitter" тармагындагы билдирүүсүндө оппозициянын лидери Гуайдону жактады. “Европа Венесуэладагы демократиялык күчтөргө колдоо көрсөтөт”,-деди.

Европа парламентинен 28 өлкөнүн колу коюлган орток билдирүүдө Венесуэла өкмөтүн жарандарынын укугун, эркиндиктерин жана коопсуздуктарын сыйлоого чакырык болду. “Венесуэла эли демократияга чакырык жасап, өз тагдырларын эркин аныктоону талап кылып жатышат. Бул талаптар көз жаздымда калбайт”,-деди.

Бразилия

Оппозиция лидер Хуан Гуайдого эң башта колдоо көрсөткөн мамлекеттердин бири Бразилия. 13-январда расмий билдирүү жарыялаган Бразилия көмөтү Венесуэла мамлекет башчысы Николас Мадуро эмес, өлкөнүн лидери катары оппозициячыл Хуан Гуайдону кабыл алышканын баса белгилеген.

Колумбия, Перу, Канада убактылуу президентти алгачкы тааныгандардын арасында.

Мадурону колдогондор

Түркия

Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган Венесуэла президенти Николас Мадурого телефон чалып колдоорун айтты. Резиденциясына чогулган элге Мадуро “Түркиянын президенти мага телефон чалып, урматтуу президент ишиңди улант деди. Түркия эли бизди колдойт. Бүгүн тарыхый күн”,-деди.

Россия

Интерфакс кабар агенттигине маек берген Россиянын парламентинин төрагасы Вячеслав Володин Венесуэланын президенти Николас Мадурону кыйнап кызматтан алуу мыйзамсыз болорун белгиледи.

Россиянын Тышкы иштер министринин орун басары Сергей Рыбаков АКШнын Венесуэлага киришпөөгө чакырды. “Мындай кадам Латын Америкадагы өнүгүү моделин түбүнөн кыса турган кыйынчылыктарга жол ачат”,-деди.

Россиянын Тышкы иштер министрлигинен келген билдирүүдө АКШнын оппозициялык лидерди президент катары тааныганы Венесуэлада мыйзамсыздыкка алып келерин жазылган. “Венесуэладагы окуялар коркунучтуу чекке жетти”,-делген. Ошондой эле Американын эл аралык эрежелерди бузганы маалымдалган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР
"Коопсуз шаар" долбоорунун "кооптуу" жактары барбы?
Россия-Түндүк Корея: АКШ менен мамилелер колдоого алынат
Россия-Түндүк Корея: АКШ менен мамилелер колдоого алынат
Айтылуу төкмө акын Аалы Туткучев уран боюнча ырын төктү (видео)
Айтылуу төкмө акын Аалы Туткучев уран боюнча ырын төктү (видео)
Самара Каримованын атынан чайкана, тамак жана бильярд
Самара Каримованын атынан чайкана, тамак жана бильярд
Парламент өкмөттүн отчетун жактырды
Парламент өкмөттүн отчетун жактырды
​Дүйнөнүн 5 жаштагы эң күчтүү спортчусу (видео)
​Дүйнөнүн 5 жаштагы эң күчтүү спортчусу (видео)
Жээнбеков Пекин шаарына жумушчу визит менен учуп кетти
Жээнбеков Пекин шаарына жумушчу визит менен учуп кетти
Назира Айтбекова: “Өлүм башыбызга келген эң сонун нерсе болсочу?”
Назира Айтбекова: “Өлүм башыбызга келген эң сонун нерсе болсочу?”
​Роналду “Ювентус” клубуна 6 футболчуну алуусун айтты
​Роналду “Ювентус” клубуна 6 футболчуну алуусун айтты
Манжасы жок кыз конкурста жеңүүчү аталды
Манжасы жок кыз конкурста жеңүүчү аталды
БУУ: Афганистанда акыркы 10 жылда 75 миңден ашык жаран көз жумду
БУУ: Афганистанда акыркы 10 жылда 75 миңден ашык жаран көз жумду
Колуңуздун абалы боюнча ден соолугуңузду аныктаңыз!
Колуңуздун абалы боюнча ден соолугуңузду аныктаңыз!
Куудул Назира Жетигенова кечээ туулган күнүн өткөрдү
Куудул Назира Жетигенова кечээ туулган күнүн өткөрдү
Дарыларды дрондор тарата баштады
Дарыларды дрондор тарата баштады
Дана Уайт:
Дана Уайт: "​Нурмагомедов менен Макгрегор урматташаар убакыт келет"
Көзгө эң керектүү  витаминдер
Көзгө эң керектүү витаминдер