Англия Венесуэланын алтындарын алдыбы?

Англия Венесуэланын алтындарын алдыбы?
29-Янв. 2019, Шейшемби, 11:21

Англиянын Борбордук банкы АКШнын кысымы менен Венесуэла Борбордук банкына тиешелүү 1,2 миллиард долларлык алтынын трансферине уруксат бербегендиги айтылды.

“Bloomberg” компаниясындагы кабарга ылайык Венесуэла Борбордук банкынын Англия борбордук банкындагы 8 миллиард долларлык алтын резервинен 1,2 миллиард долларлык бөлүгүн трансфер кылуу талабы жокко чыгарылды.

Кабарда трансферге АКШнын Тышкы иштер министри Майк Помпео жана АКШнын президенти Дональд Трамптын Улуттук коопсуздук кеңешчиси Жон Болттондун Англиядагы кесиптештерине кылган кысымдын себептеринен улам уруксат берилбегендиги айтылды. Венесуэла көп айлардан бери Англия Борбордук банкындагы резервдерине жетишүүгө аракет кылат. Венесуэланын Тышкы иштер министри Каликсто Ортега декабрь айында трансфер боюнча макулдашуу үчүн Англияга кеткен, бирок жыйынтык чыккан эмес.

Англия Гуайдонун колдойт

Англиянын Тышкы иштер министри Жереми Хант Вашингтондо америкалык жетекчилер менен жолугушкандан кийин “Николас Мадуронун Венесуэланын мыйзамдуу лидери болбогондугу ачык. Англия Хуан Гуайдонун Венесуэланы алдыга жылдыра турган адам экене ишенет”,-деди.

Россия 400 аскер жиберди

Дүйнөдөгү эки чоң күч Россия менен АКШ Венесуэла боюнча ача пикирде. АКШ өзүн убактылуу президент деп атаган Улуттук парламенттин төрагасы Хуан Гуайдону тааныды. Ал эми Россия президент Николас Мадурого колдоо көрсөттү. Reuters агенттигинин кабарына ылайык Мадуронун бир нече күн мурда өлкөгө барган Россиянын аскерлери коргоого алганы айтылды.

Аталган агенттик жакын булактарга таянып жазган катында атайын коопсуздук компаниясынын өкүлдөрү Венесуэлага кеткенин белгилеген.

Россиянын президенттинин администрациясынан келген билдирүүдө бул боюнча маалымдалган жок. Венесуэланын Маалымат министрлиги буга байланыштуу билдирүү жасагандан баш тартты.

Сирия жана Украинага барышты

Венесуэлага барган орус согушкерлери жеке аскердик Wagner тобуна таандык экени болжолдонууда. Wagner тобу Сирия жана Украинада орус армияларына колдоо көрсөткөнү айтылып келет.

Путинден колдоо

Владимир Путин Мадуро менен телефон аркылуу сүйлөшкөндөн кийинки жазуу жүзүндөгү билдирүүдө Мадурону колдоорун баса белгилеген эле. Анда Россия Венесуэлада сырттан келген чагымдардан улам болгон саясий кризисте өлкөдөгү мыйзамдуу жетекчилерди колдойт делген.

Венесуэлада эмне болду?

Венесуэлада оппозиция жана бийликти жактагандар уюштурган митингдер жогорку деңгээлдеги өнүгүүлөргө жол ачты.

Оппозицияны колундагы Улуттук парламенттин жетекчиси Хуан Гуайдо митингде өзүн убактылуу президент катары жарыялады. Аны АКШ, Канада, Колумбия, Перу, Эквадор, Парагвай, Бразилия, Чили, Панама, Аргентина, Коста-Рика жана Гватемала тааныды.

Мексика, Түркия, Россия, Куба, Кытай жана Боливия Мадуро өкмөтүн колдоорун билдирди.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР
Куудул кыздын Ардак грамотасы талкууда калды
Куудул кыздын Ардак грамотасы талкууда калды
30-июнь күнү Lexus компаниясы 30 жылдыгын белгилейт
30-июнь күнү Lexus компаниясы 30 жылдыгын белгилейт
Бишкектеги скверде өзгөчө рояль орнотулду
Бишкектеги скверде өзгөчө рояль орнотулду
Жээнбеков: Тынчтыкты сактоо боюнча  милдеттерди биргелешип чече алабыз
Жээнбеков: Тынчтыкты сактоо боюнча милдеттерди биргелешип чече алабыз
Марий университети кыргызстандык бүтүрүүчүлөрдү чакырууда
Марий университети кыргызстандык бүтүрүүчүлөрдү чакырууда
Экс- башкы прокурор Элмурза Сатыбалдиев келиндүү болду
Экс- башкы прокурор Элмурза Сатыбалдиев келиндүү болду
​Каарданган бука найзакерди челип ыргытты (видео)
​Каарданган бука найзакерди челип ыргытты (видео)
Бишкекте өткөн акцияда 500гө жакын адам кан тапшырды
Бишкекте өткөн акцияда 500гө жакын адам кан тапшырды
Казакстандын президентинин сүрөтү сайтка жасалып жайгаштырылганбы? Аныктап беребиз
Казакстандын президентинин сүрөтү сайтка жасалып жайгаштырылганбы? Аныктап беребиз
Кыргызстандык Джамиля Ишимбаева сулуулар сынагынын жеңүүчүсү болду
Кыргызстандык Джамиля Ишимбаева сулуулар сынагынын жеңүүчүсү болду
Кыргызстандык дизайнерлер Сеулда өткөн фестивалга катышты
Кыргызстандык дизайнерлер Сеулда өткөн фестивалга катышты
​“Реал” жапониялык Мессини сатып алды
​“Реал” жапониялык Мессини сатып алды
​ФИФА рейтингинде Кыргызстан 95-орунда калды
​ФИФА рейтингинде Кыргызстан 95-орунда калды
Премьер-министрлик кызматка жарыш башталды
Премьер-министрлик кызматка жарыш башталды
Мунай ташыган кемедеги өрт өчүрүлдү
Мунай ташыган кемедеги өрт өчүрүлдү
ШКУ: мамлекет башчылар Бишкек декларациясына кол коюшту
ШКУ: мамлекет башчылар Бишкек декларациясына кол коюшту