Чалгын кызматы: "АКШны аңдыгандардан тынчсызданабыз”

Чалгын кызматы:
31-Янв. 2019, Бейшемби, 14:49

АКШнын Сенатында сүйлөгөн АКШнын Улуттук чалгын кызматынын директору Дэн Коутс “Түркиянын аймактык дымактары эки тараптуу мамилелерди кыйындатууда”,-деди. Ошондой эле отурумда АКШда 2020-жылга белгиленген президенттик шайлоо процессине Россия жана Кытайдан келери болжолдонгон технологиялык коркунучтар маанилүү темалардан болду. АКШнын улуттук чалгын кызматынын директору Дэн Коутс “Россия 2020-жылдагы шайлоого таасир этүү максатында коомдук чыңалууну күчтөтүү үчүн социалдык медиадагы аракеттерин көбөйтөрү күтүлөт”,-деди. Отурумда NATOго мүчө Түркиянын Россия менен мамилелери, Сирияга байланыштуу жагдайлар талкууга алынды.

Отурумдун маалымат каражаттарына ачык болуп өткөн алгачкы бөлүмүндө 2020-жылдагы президенттик шайлоонун коопсуздугуна байланыштуу Россия жана Кытайдан АКШга багытталган кооптонуулары сөз болду. АКШ улуттук чалгын кызматынын башчысы Дэн Коутс АКШга багытталган төрт ири коркунуч катары Россия, Кытай, Түндүк Корея жана Иранды санады.

“Кытай жана Россия АКШга каршы бириккен сыяктуу”

АКШнын Адилет министрлигинин Кытай технологиялык ишканасы Huaweii тууралуу эки маалымат даярдагандыгы жана эки өлкө ортосундагы соода согушу менен удаа келген отурумда Улуттук Чалгын кызматынын директору Дэн Коутс Пекинден АКШга карата коркунучтар темасына токтолду. “Пекиндин технологиясын колдонуп, АКШ жана союздаштарын аңдуу ыктымалдыгынан тынчсызданабыз”,-деди. Ошондой эле ал Кытай жана Россия АКШга каршы бириккен сыяктанганын баса белгилеп, Кытай АКШ бийлигине жана ишканаларына каршы кибердик тыңчылык ишмердиктерин активдүү жүргүзгөнүн айтты.

АКШ Улуттук Чалгын директору Дэн Коутс Кытайдын технология жана саясатта дүйнөдө “Бир алкак, бир жол” долбоору менен өздөрүнүн тарапташтарын көбөйтүүгө аракеттенип жатканын белгиледи.

Федералдык иликтөө бюросунун (FBI) директору Кристофер Рэй Кытайдын технология тармагындагы ишмердиктери темасында АКШнын союздаштарына эскертилгенин, бул боюнча америкалык ишканалардын башкаруучулары менен байланышта болгондугун белгиледи.

“Түндүк Корея өзөктүк куралдардан баш тартпайт”

Дэн Коутс АКШнын президенти Дональд Трамп жана Түндүк Корея лидери Ким Чен Ын ортосундагы жолугушууга кыйыр түрдө кайрылды.

“Түндүк Кореянын өзөктүк куралдарынан баш тартпай тургандыгын, өзөктүк куралдардын Түндүк Кореянын режимин сакталып турушунда олуттуу мааниде экенин баса белгиледи”,-деди.

Түркия тууралуу көп айтылды

АКШнын чалгын кызматынын жетекчилери билдирүү жасаган отурумда Түркия тууралуу көп айтылды. АКШнын улуттук чалгын кызматынын директору Дэн Коутс Сирияда оппозицияны жеңилүүгө учураткан Башар Асад Сирия жерлеринде кайрадан өкүм кылууга ыктап Түркия жана Израиль менен жаңжалдашуудан качууга аракеттенерин белгиледи.

Айрым мамлекеттер аскердик эле эмес, экономикалык жана соода мамилелерде Россияга багыт алганын белгилеген АКШын улуттук чалгын кызматынын жетекчиси “Түркия NATO мүчөсү. Бул өлкөнүн NATO ичинде калышын калайбыз. Учурда Түркия менен айрым көйгөйлөр болуп жатат”,-деди.

“Венесуэладагы абалды армиясы белгилейт”

АКШнын улуттук чалгын кызматынын жетекчиси Венесуэла темасында АКШга союздаш мамлекеттерден колдоо келгенин, өлкө ичинде абалдын дале белгисиздигин, Венесуэла армиясынын таасирин, багытты белгилөөдө маанилүү элемент болорун баса белгиледи.

АКШ Улуттук чалгын кызматынын директору Дэн Коутс “Куба, Россия жана Кытай Венесуэла мунайына жетишүү максатында Мадуро режимин күчтөндүрүүгө аракеттенери күтүлөт”,-деди.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР
Орток декларация: Укуктун үстөмдүгүн талап кылабыз
Орток декларация: Укуктун үстөмдүгүн талап кылабыз
Милиция кызматкери башында турган кылмыштуу топ пара менен кармалды
Милиция кызматкери башында турган кылмыштуу топ пара менен кармалды
«Сулайман-Тоо» комплексинин макамынын сакталышы көзөмөлгө алынат
«Сулайман-Тоо» комплексинин макамынын сакталышы көзөмөлгө алынат
​Месси “Дэвис Кубогунун” инвесторлорунун бири болду
​Месси “Дэвис Кубогунун” инвесторлорунун бири болду
Уруксаты жок туристтер Эверестке чыга албайт
Уруксаты жок туристтер Эверестке чыга албайт
​Футболчу оюн учурунда каза болду
​Футболчу оюн учурунда каза болду
Казак журналисти текебер шаардыктарга нааразы болду
Казак журналисти текебер шаардыктарга нааразы болду
Дубалдын айынан өзгөчө кырдаал кирет
Дубалдын айынан өзгөчө кырдаал кирет
Калдык сактагычтарды рекультивациялоо маселеси талкуулады
Калдык сактагычтарды рекультивациялоо маселеси талкуулады
Куудулдар Ысык-Көлдүн элине күлкү тартуулашат
Куудулдар Ысык-Көлдүн элине күлкү тартуулашат
​Футболчуну акыркы сапарга узатуу зыйнаты өтөт
​Футболчуну акыркы сапарга узатуу зыйнаты өтөт
Айпери Кубик кызы президент тууралуу түшүн жорутууда
Айпери Кубик кызы президент тууралуу түшүн жорутууда
​Көк-бөрү боюнча эл аралык мелдештердин эрежеси өзгөрдү
​Көк-бөрү боюнча эл аралык мелдештердин эрежеси өзгөрдү
Рыскелди Момбеков: “Бийлик миң кишинин үйүн сүрдүрө албайт” (видео)
Рыскелди Момбеков: “Бийлик миң кишинин үйүн сүрдүрө албайт” (видео)
​Лев Яшин тарыхтын мыкты дарбазачысы аталды
​Лев Яшин тарыхтын мыкты дарбазачысы аталды
Путин манжасын оорутуп алды
Путин манжасын оорутуп алды