Куру айып менен куугунтукталган эки дарыгердин аңгемеси

Куру айып менен куугунтукталган эки дарыгердин аңгемеси
1-Фев. 2019, Жума, 16:02

Негизсиз айыптоолордун курмандыгы болгон миңдеген дарыгерлерден экөө же Салим Эркам Йылмаз жана Хүсейин Мухаммед Аталай BOLD басылмасына берген маегинде жумушсуздук, мыйзамсыздык жана Норвегияга кетүүгө аргасыз болгонун айтып беришти. Түркиянын чакан аймагындагы мамлекеттик оорукананын тез жардам бөлүмүндө иштеген Салим Эркам Йылмаз (26 жаш) айыптоолордон кийин бир топ жеке ооруканаларга кайрылган. “Бирөө да ишке албады. Жаңы үйлөнгөндүктөн жумушка муктаж элем. Үйгө жакынкы дүкөндө кассир болуп ишке киргени кайрылдым. Ал жактан да орун тийген жок. Себеби маалым эле”,-деди.

Йылмаз менен бирге окуп, студент кезде бир бөлмөдө жашаган Хүсейин Мухаммед Аталай (27 жаш) жаза өтөөчү жайдагы күндөрдү унутпай турганын айткан. “Жолугушууга келгенде балдар аталарын кое бербей турган учурларын эч унутпайм”,-деген Аталай 75 жаштагы адамга жаза өтөөчү жайдын жетекчилиги колдонгон психологиялык кыйноого күбө болгонун ыйлап айтып берди.

2016-жылы окууну аяктап, кызматка киришкен

Кайсери Эржиес университетинин медицина факультетин 2016-жылы аяктаган Салим Эркан Йылмаз жана Хүсейин Махаммад Аталай Түркияда көргөн кыйынчылыктардан улам Норвегияга келишти. Дарыгерлик кесибин улантуу максатында тил курстарына барып жатышат. Йылмаз жана Аталай билим деңгээлдери жогору 270 миң жаш адис 2017-жылы Түркиядан эмне үчүн кеткенине байланыштуу ойлорун бөлүштү.

Полиция кимди эмнеге камап жатканын билбейт

2016-жылы май айында кызматка киришкенден эки айдан кийин 15-июлда төңкөрүш аракети болду. “Чакан бейтапканада иштеп жаткам. Бир учурда эле ФЕТО деген айыптоо чыгып, адамдарды ага байланыштырып камай баштады. Тез жардамда иштегендиктен бир топ адамдарды камоо учурунда дарылап жаттым. Баш аламандык. Адамдар эмне кылгандарын, эмнеге камалып жатканын билишкен жок. Өлкөдө бир окуя болгону менен ким эмне кылганы билген жокпуз. Болгону бир топ саясатчылар 15-июлдагы окуяга жоопкерчиликтүү делди. Сурак жүргүзгөн полициялар менен ишиме байланыштуу айрым көрүнүштөргө күбө болдум. Алар менен сүйлөшө келгенде адамдарды эмеге камап жатышканын билишчү эмес.

Айыбым эмне экенин билбейм

Саламаттыкты сактоо министрлиги жүргүзгөн административдик сурактардан улам 2017-жылдын 16-февралында айыптоолорго кабылганын айткан Йылмаз “Бул суракта эч далил жок, себеби белгисиз суракка алышты. Дүйнөлүк медицина күнү белгиленген 14-мартта камалдым. Иштеген аймактагы расмий даректе жашачу эмесмин. Коопсуздук кызматынан чалып, түшүнүк берүүгө чакырды. Ала жакка барганда камака алуу чечими чыгарылганын билдим. Камалган күнү премьер-министр Бинали Йылдырым мен иштеген шаарга келген экен. Мени полиция машинасы менен алып бара жатканда бир топ бирге иштешкендер ал жакта жүрүшкөн эле.

Кесиптешим камалганыма ишенбей

Ооруканага саламаттыгымды текшерткени алып барышты. Аймактык ооруканага көп бейтаптарды жеткиргендиктен тааныштар көп эле. Ал жактагы достор “Тынчылыкпы, бирөөлөр менен уруштунбу?”,- деп сурап жатышты. Террордук уюмдун мүчөсү деген айып менен камап жатышат дегенимди кээ бирөөлөр тамаш катары кабыл алышты. Тамашалаган жокмун. Жанымда полиция бар дегенде окуяны түшүнгөн досум “Бул абалдын сага кандай тиешеси бар” деди. Анда соң жанымдагы полицияны сыртка чыгарып кандайдыр бир жаман мамилеге, кыйноого дуушар болуп болбогонумду сурады. Мага полиция жакшы мамиле кылып жатканын айттым”,-деди.

“Күнөөлүү болчу” деген көз караштар

Бир жума камалгандан кийин көзөмөл шарты менен бошотулган Салим Эркам Йылмаз ага адамдардын көз карашы өзгөргөнүн айтты. “Аймактык бейтапканага жумушка орношконумда иштегендерден мечит кайда экени сурагам. Намазды мечитке барып окучумун. Досторумдун айтымында ооруканада иштегендерден мени намазды жашыруун окуйт дегендер болгон экен. Намазды эч убакта жашыруун окуган эмесмин. 15-июлдан кийин айыптоолорго кабылгандардын айланасындагылардан “Бул күнөөлүү эмес. Бул адамды жакшы билем” деген сөздөрдү угуу мүмкүн болбой калган.

692 номерлүү чечим

692 номерлүү чечим менен 2017-жылдын 14-июлунда түнү камалганын айткан Йылмаз мындай деди. “Айыптоолор тагылганда жаңы эле никеге туруп, үйлөнүүгө даярдыктар жүрүп жаткан. 23-июлда той болмок. Ошентин 10 күн өткөндө жумушу жок доктор бойдон той өткөрдүк. Анда кийин үй-бүлөлүү жана жумушсуз катары жоопкерчиликтерим мурдагыда да көп эле. Биринчи эле чет жакка кетип калууну ойлодум. Түркиядагы окуялардан улам жашоомду башка жакта улантууну чечтим. Бирок мыйзамсыз чыгыш керектигин ойлогондо коркуп кеттим. Марица суусунан кайык менен өтүп Грецияга кетүү кыйын көрүндү. Аны ойлогондо сыртка кетүүдө баш тарттым. Эмнеси болсо да мыйзамды эске албай жашоомду улантууну чечтим.

Дипломума да тийишкен жок. Тажрыйбам болгондуктан менчик ооруканалардан ишимди улантууга бел байладым.

Эч бир оорукана ишке алган жок

Жеке ооруканаларга кайрылдым. Бүтүргөн окуу жайды жана тажрыйбамы айтканымда сен сыяктуу тажрыйбалуулар бизге келбейт” дегенде сөздөрдү уктум. Менчик ооруканалардын бири ишке аларын бирок 2 миң лира маяна берерин айтты. Негизинен дарыгерлердин эң төмөнкү айлыгы 5 миң лира эле. Менин мыйзамдуу иштебей турганымдан пайдалангысы келгендер болду. Мед айымдыкынан аз айлык бергендерге бирөөнүн эмгегин жеген дегенден башка эч нерсе деп айта албай, ага макул болгон жокмун. Анткени ошону да берери күмөн жаратты.

Кассир болуу оюм ишке ашкан жок

“Шаардагы бардык ооруканаларга кайрылганымдан жыйынтык чыккан жок. Үйүмдүн жанында Түркиядагы эң ири дүкөндөрдүн бири бар эле. Ал жакта иштөөнү чечтим. Аз акча болсо жа жашаганга жетерин ойлоп, резюме тапшырдым. Бул эмне дегенде резюме экенин айттым. “Билип турам бирок медицина факультети деп жазылып турат. Эмне иш кылгын келгенине түшүнө албай турам”,-деди. Мен “Бул жакта иштегим келип жатат” дедим. Айыпталып жатканымды укканда бул жакта жамаат менен байланыштууларды ишке албай турганын билдиришти.

Сынакта 46-орун

Докторлук боюнча сынак тапшырып, Түркия боюнча 46-орунду алдым. Эмгек жана социалдык министрлиги сынак боюнча сертификатымды беришкен жок. Өлкөдөн кетүү чечимин кабыл алууда абдан кыйналдым. Азыр ойлосом эмне мынча убактымды коротконумду билбейм.

Өмүрүмдө жаза өтөөчү жайга барып көргөн эмесмин. Мыйзамсыз жолдор менен чет жактарга кетеримди элестеткен дагы эмесмин. Башка жакка кетип баратканда жол бою жашым токтогон жок. Өз мекенимден ушинтип кеттим.

Хусейин Мухаммед Аталай (сары көйнөкчөн): Башымды жерге салган жокмун

“Окуу жайды аяктаган соң Шанлыюрфада дарыгер болгон Хүсейин Мухаммед Аталай жакын досу Салим Эркам Йылмаз сыяктуу 2017-жылдын 14-июлунда түнү айыпталган. Андан бир ай өткөндө 9-август күнү камакка алынгандыгын айткан Аталай “Полициялар үйдү тинтүүгө алган соң мени алып кетишти. 5 күн убактылуу жайда жаттым. Ал жакта эки орундук бар эле. Бирок төртөөбүз жашадык. Кезектешип уктаганга туура келди. Анын алдында мамлекеттик ооруканада кароодон өттүк. Оорукананын чыгышында журналисттер тартып алыш үчүн подиумга чыккандай болдук. Мен айыпкер эмес, дарыгермин. Андыктан алардын алдында башымды жерге салбай күлүмсүрөп жүрдүм. Бир күнү адилеттик орноп, бизге тагылган айыптардан арылабыз деп ойлочумун. Болгону үй-бүлөмдү ойлоп кайгырдым. Анткени карындашым да камалгандыктан ата-энем кыйын күндү көрүп жатканын билчүмүн. Камакта полициялар жакшы мамилеле жасаганын айта албайм. Анткени кээде эң негизги муктаждыктарыбыз үчүн уруксат берилчү эмес. Алар белгиленген саат жана убакыт ичинде дааратканага барууга уруксат берчү.

Намаз окуу үчүн айткан талаптарыбызга кээде оң жооп албай калчубуз. Ал тургай бир күнү күзөтчүлөр бизди толугу менен унутуп, көп убакыт өткөндөн кийин гана суранычтарыбызга жооп берди. 17 киши бар элек. Бир даараткананы 10 мүнөт ичинде колдонууга уруксат берчү. Абдест алганга уруксат берилчү эмес.

Бир орундукка эки киши жатты

“Жаза өтөөчү жайга биринчи киргенимде түнкү саат 03:00 болчу. Босогосун аттаганда каалганын түбүндө бирөө жатканын көрдүм. Түн болгондуктан жарыктар өчүк. Намаз окуганга туруп жаткандары бар эле. Мени көрүп “Кош келипсиң” деп жатышты. Жата турган жерди көрсөттү. 10 кишиге ылайыкталган жерде 31 киши жашап жаттык.

10-ноябрда суракка келдим. Абдан жакшы даярданган элем. Бирок сотко катышкандар мени укпаганы байкалып жатты. Өз ара күбүрөшүп отурушту. Түшүнүк бергенден кийин документерге эч карабастан керектүү документтер келбегенин шылтолоп жаза өтөөчү жайдагы мөөнөтүм узартылды. Ошондо адилеттик жок экенин сездим”.

Балдардын ыйлаганы дале кулагымда

Жаза өтөөчү жайда аталарына учурашканы келген балдардын ыйлагандарын унута албаганынан айткан Хүсейин Мухаммед Аталай күбө болгондорун мындайча айтып берди. “Террорчулукка айыпталгандарга жолугушууга 2 айда бир уруксат берилчү. 40 мүнөт убакыт берилчү. Аталарынын үй бүлөлөрү жана балдары менен коштошкон учурлары эсимден кетпейт. Балдары аталарынын буттарынан кучактап “Ата кетпечи деп ыйлашат. Ушундай эле көрүнүштү карындашым камакта жатканда барганда көрдүм. Анда энелерне асылып кое бербеген балдар. Жаза өтөөчү жайлардын шарттары жана башка буга байланыштуу эч бир абал мени мынчалык таасирленткен эмес”.

Эки дос Норвегияда ишин улантат

Салим Йылмаз жана Хүсейин Мухаммед Аталайга өлкөдөн чыгууга тыю салган. Бирок мыйзамсыз жолр аркылуу Норвегияга кетишти. Өлкөнүн өкмөтү маани берип жаткан интеграциялык программанын негизинде экөө тилди үйрөнүп жатышат. Ал жак талап кылган деңгээлде үйрөнгөндөн кийин билими боюнча иштегенге мүмкүнчүлүк болот. Аларга норвегиялык бир үй-бүлө тилди үйрөнгөнгө жардам берип жатканын, билимдүү дарыгерлерге муктаждык бар экени айтышкан.

Түркиядан келген өздөрү сыяктуу жарандарга котормочулук кылып жардам берген жаш дарыгерлер кыска мөөнөттө ишке киргени жатышат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР
Массалык башаламандык боло тургандыгы жөнүндө билдирүү тараткан жаран аныкталды
Массалык башаламандык боло тургандыгы жөнүндө билдирүү тараткан жаран аныкталды
Роналду зордуктоо менен айыптаган кызга пара бергендигин айтты
Роналду зордуктоо менен айыптаган кызга пара бергендигин айтты
Бишкекте таштандыларды жыйноо боюнча акция өтөт
Бишкекте таштандыларды жыйноо боюнча акция өтөт
Өмүрбек Бабановго айып салынды
Өмүрбек Бабановго айып салынды
​Хабиб Нурмагомедовдун UFC келишими аяктайт
​Хабиб Нурмагомедовдун UFC келишими аяктайт
Баланын акыл-эсин өстүрүүчү азыктар
Баланын акыл-эсин өстүрүүчү азыктар
Кепилдик фондунун каражаттарынын 78% аймактык долбоорлорго багышталды
Кепилдик фондунун каражаттарынын 78% аймактык долбоорлорго багышталды
Эртең Кыргызстанда туруксуз аба-ырайы күтүлөт
Эртең Кыргызстанда туруксуз аба-ырайы күтүлөт
Кыргыз-казак төкмөлөрү күч сынашат
Кыргыз-казак төкмөлөрү күч сынашат
Бүгүн Жогорку сотто Текебаев менен Чотоновдун иши каралат
Бүгүн Жогорку сотто Текебаев менен Чотоновдун иши каралат
Бишкек - Дели - Бишкек авиакаттамы ишке кирди
Бишкек - Дели - Бишкек авиакаттамы ишке кирди
Бийликтен четтеген президент ханзаададан  акча алганын моюнуна алды
Бийликтен четтеген президент ханзаададан акча алганын моюнуна алды
Кыргыз-орус өнүктүрүү фонду 7 айда 4,5 млрд сомдук 369 долбоорду каржылады
Кыргыз-орус өнүктүрүү фонду 7 айда 4,5 млрд сомдук 369 долбоорду каржылады
“Көчмөндөр модасы – 2019” шоу-фестивалы башталды
“Көчмөндөр модасы – 2019” шоу-фестивалы башталды
Трамп көк тиреген имараттарды салбай турган болду
Трамп көк тиреген имараттарды салбай турган болду
Балага кантип туура багыт берүү керек?
Балага кантип туура багыт берүү керек?