Николас Мадуро: Багынбайбыз

Николас Мадуро: Багынбайбыз
5-Фев. 2019, Шейшемби, 13:22

Франция Венесуэладагы оппозициялык лидер Хуан Гуайдону убактылуу мамлекет башчысы катары тааныды. Ага катар Испания жана Британия да ушундай чечимге келди. Венесуэла лидери Николас Мадуро 2018-жылдын 20-майында өткөн шайлоолорду элдин 68 пайызынын колдоосу менен жеңген. Бирок шайлоо таза, адилет жана эл аралык стандарттарга ылайык өтпөгөнү айтылган.

Оппозиция лидери Хуан Гуайдо колдоочуларын аянтка алып чыгып, 2019-жылдын 23-январында өзүн президент деп жарыялаган. Аны АКШ, Канада жана Бразилия баштаган бир топ Латын Америка өлкөлөрү тааныган. Ал ортодо Николас Мадуро 2-февралда бул жыл аралыгында кезексиз шайлоо өтө турганын айткан.

Британия, Франция, Испания, Германия, Бельгия 27-январда сегиз күн убакыт берип кезексиз шайлоого барарын аныктабаса Гуайдону президент катары таанырын айткан. Ал убакыт да келип, Франция, анын артынан Испания жана Британия Гуайдону президент катары тааныды.

Мадуро Трамп жана Санчезге эскертүү берди

Президент Николас Мадуро 4-февраль Улуттук Ардак күнүндө эскертүү жасады. Анда ал АКШ Венесуэлага киришсе Давид дана Голиаф чабышына окшоору жана Вьетнам согушуна айланарын, Трамп менен Санчездин колдору канга боелорун эскертти.

Кол чогултулат
Ал өз сөзүндө 6-февралдан баштап “тынчтык үчүн аскердик кийлигишүүгө каршы" темасында кол чогултуларын айткан Мадуро барын катышууга чакырды. Кол топтоо өнөктүгү өлкөнүн бардык шаарларындагы Боливар аянттарында өтөрүн айтты. Ошондой эле Венесуэлага киришүү жана төңкөрүш аракетине каршы топтолгон кол АКШга, Ак сарайга жиберилерин кошумчалады.

Багынбайбыз
"Ар убакта намыс жана эгемендикти жактайм. Коркунучта турган мекенибизди жанымдан артык коргоого жана элдин жеңиши менен тынчтыкты алып келериме ант берем. Мекенибизди багындырып бербейм”,-деди.

Колонизатордун кулагына күмүш сырга
Венесуэлага карата оор психологиялык согуш ачылганын айткан Мадуро Хуан Гуайдону мыйзамдуу өлкө башчы катары тааныгандардын кербенине кошулган мурдагы колонизатор күч Испания тууралуу оюн айтты.

“Тарых сени Трамптын кукласы катары эске салат”
"Испания өкмөтү коркоктук коркунучуна бара жатат. Мырза Педро Санчес бир күн бул төңкөрүш, бул кийлигишүү бүтөт. Ошондо эки колуңда кандын тагы калат. Кадимки Хосе Мария Аснардын колу Ирак согушунда канга боелгон сыяктуу. Тарых сени Дональд Трамптын кийлигишүүсүнүн кукласы болуу үчүн колдонулган акылсыз катары жазат”,-деди.
“Вашингтон Вьетнамды кайталайт”
Айрыкча Испаниялык журналист Хорди Еволеге маек берген Мадуро Трамптын Венесуэлага аскердик кийлигишүү болсо дөө Голиафка таяк жана таш менен каршы чыккан Давиддей көрүнүш болорун эскертти. Мындай абал болсо Трамп Вьетнам согушун эс салган кан төгүүгө жооптуу болорун белгиледи.

“Давиддин таягы биздин колдо”
"Токтот. Токтот, Тармп! Ошол жерден жылба! Колдоруң канга булгана турган каталарды кетирген жатасың. Бийликтен колдоруңда кандын тагы менен кетесиң”,-деди.
"Түндүк Америка империясы бизге кол салса биз өзүбүз да коргонушубуз керек. Венесуэланы аларга берип койбойбуз. Биздин дагы жашыруун эрежелерибиз бар. Биз да таяк колдонгонду билебиз. Давиддин таягы биздин колдо”,-деген Мадуро Трамп бийлиги Венесуэланын мунай кендерин басып алуу үчүн төңкөргөнү жатканын айтты. Ал эми Европа мамлекеттерин Трамп бийлигинин бул амалдарын колдогону үчүн сынга алды.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР
"Коопсуз шаар" долбоорунун "кооптуу" жактары барбы?
Россия-Түндүк Корея: АКШ менен мамилелер колдоого алынат
Россия-Түндүк Корея: АКШ менен мамилелер колдоого алынат
Айтылуу төкмө акын Аалы Туткучев уран боюнча ырын төктү (видео)
Айтылуу төкмө акын Аалы Туткучев уран боюнча ырын төктү (видео)
Самара Каримованын атынан чайкана, тамак жана бильярд
Самара Каримованын атынан чайкана, тамак жана бильярд
Парламент өкмөттүн отчетун жактырды
Парламент өкмөттүн отчетун жактырды
​Дүйнөнүн 5 жаштагы эң күчтүү спортчусу (видео)
​Дүйнөнүн 5 жаштагы эң күчтүү спортчусу (видео)
Жээнбеков Пекин шаарына жумушчу визит менен учуп кетти
Жээнбеков Пекин шаарына жумушчу визит менен учуп кетти
Назира Айтбекова: “Өлүм башыбызга келген эң сонун нерсе болсочу?”
Назира Айтбекова: “Өлүм башыбызга келген эң сонун нерсе болсочу?”
​Роналду “Ювентус” клубуна 6 футболчуну алуусун айтты
​Роналду “Ювентус” клубуна 6 футболчуну алуусун айтты
Манжасы жок кыз конкурста жеңүүчү аталды
Манжасы жок кыз конкурста жеңүүчү аталды
БУУ: Афганистанда акыркы 10 жылда 75 миңден ашык жаран көз жумду
БУУ: Афганистанда акыркы 10 жылда 75 миңден ашык жаран көз жумду
Колуңуздун абалы боюнча ден соолугуңузду аныктаңыз!
Колуңуздун абалы боюнча ден соолугуңузду аныктаңыз!
Куудул Назира Жетигенова кечээ туулган күнүн өткөрдү
Куудул Назира Жетигенова кечээ туулган күнүн өткөрдү
Дарыларды дрондор тарата баштады
Дарыларды дрондор тарата баштады
Дана Уайт:
Дана Уайт: "​Нурмагомедов менен Макгрегор урматташаар убакыт келет"
Көзгө эң керектүү  витаминдер
Көзгө эң керектүү витаминдер