Журналисттердин дүйнөдөгү эң чоң абагы

Журналисттердин дүйнөдөгү эң чоң абагы
14-Фев. 2019, Бейшемби, 14:05

Европа кеңеши жалпы Европа боюнча жаза өтөөчү жайдагы 130 журналисттин 110у Түркияда экенин билдирди. Кеңеш Европада сөз эркиндиги Муздак согуштан ушул мезгилге чейинки оор учурду башынан өткөргөнүн эскертти.

Шейшембиде жарыяланган билдирүүдө журналисттер жана медиага карата зомбулуктар, кол салуулар кеңири колдонулганын баса белгиленген.

Маалыматка ылайык, Европа кеңешине мүчө 47 өлкөнүн 32синде өткөн жылы журналисттерге карата жалпысынан 140 кол салуу учуру катталган. 2018-жылдын аягынан баштап 110у Түркияда, жалпысынан 130 журналист жаза өтөөчү жайда жатканы баса белгиленген билдирүүдө “Түркия журналисттер үчүн дүйнөлүк масштабдагы эң ири абак болду” деген сүйлөмдөр орун алган.

Кеңештин рапортунда 2018-жылы эки журналист кесибине байланыштуу өлтүрүлгөнү белгилеген. Словак журналисти Ян Куцяк жана Сауд Арабиянын Стамбулдагы Косулдугунда өлтүрүлгөн Жемал Хашоггинин өлүмү белгиленди.

Болгарияда телеканалдардын биринин кабарчысы Виктория Маринова октябрь айында өлтүрүлгөн. Изилдөөчү журналист Максим Бородин апрель айында үйүнүн балконунан кулап, көз жумган. Орус жетекчилер окуяны өз өмүрүн кыйды деген негизде иликтөө иштери токтотулган.

Саясатчылардын сөз менен кол салуулары

Европа кеңешинин рапортунда журналисттерге карата көбөйгөн сөз түрүндөгү кол салуулардын тынчсыздандырарлык экени, бул кол салуулар саясатчылар тарабынан болгону белгиленди.

Чех республикасы Милош Земандын сентябрь айында журналисттер туурасында айткандары мисал келтирилген.

Ягланд: Сөз эркиндигиндеги бузулууларды алдын алынышы керек

Европа кеңешинин Башкы катчысы Турбьёрн Ягланд мүчө өлкөлөрдү сөз эркиндиги боюнча эрозияны токтотуу жана журналисттердин коопсуздугун жакшыртууга кадам жасоого чакырды.

Билдирүүдө белгиленген маалыматтар эл аралык журналист уюмдары, Чек арасыз журналисттер жана эл аралык Pen клубунан турган 12 өнөктөш уюмдан Европа кеңешине үзгүлтүксүз жиберилип турган.

Тиешелүү мамлекеттерден темага байланыштуу түшүндүрмөлөрдү талап кылганын белгилеген Европа кеңеши булардын 40 пайызына жооп келгенин, Россия, Түркия, Италия, Босния жана Герцеговина, Азербайжан жиберилгендерге эч жооп бербей жатканын белгилеген.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР