Орток декларация: Укуктун үстөмдүгүн талап кылабыз

Орток декларация: Укуктун үстөмдүгүн талап кылабыз
16-Фев. 2019, Ишемби, 16:14

Португалиянын адвокаттар ассоциациясы, юристтер, cоттордун кесиптик биримдиги, республикалык прокурорлор жана сот кызматкерлери, Ирландиянын жогорку сот органдары түрк өкмөтүнүн адвокаттарга, прокурорлорго карата уланып жаткан укук бузууларын сынга алды.

Ирландиянын соттор биримдиги 2019-жылдын 11-февралында орток билдирүүнү колдогон чечим чыгарды.

Орток декларация төмөндөгүчө

Европа соттор биримдиги тарабынан таанылган Түркиянын YARSAV соттор жана көз карандысыз прокурорлор уюмунун төрагасы Мурат Арслан бул жылы 19-январда 10 жылга абакка камалды.

2017-жылы 9-октябрда Европа кеңешинин парламенттер межлиси соттун көз карандысыздыгы жана укуктун үстөмдүгүн колдоодогу кызматтары үчүн 2017-жылы Вацлав Гавел атындагы адам укуктары боюнча сыйлыгы тапшырылган.

Түркия Адам укуктары фондуну төрагасы адвокат Себнем Корур Финжанжы “Тынчтык үчүн окумуштуулар” тобунун “Биз бул айыптоолорго кошулбайбыз” деген арызына кол койгону үчүн 2 жыл 6 айга камалды.

Бул Түркиянын дүйнөдөгү соттор, прокурорлор, адвокаттар жана адилеттик боюнча иш алып баргандар үчүн эң чоң абакка айланганын көрсөткө айрым гана мисалдар.

2016-жылдын июль айындагы саясий кризис жана өзгөчө кырдаал жарыялангандан кийин түрк өкмөтүнүн тоталиризмине каршы чыгууга бел байлагандардын көбү жумуштан алынып, камалып, мүлкү камакка алуу жана башка оор жазаларга кабылды.

Бир нече ай ичинде 4.463 сот, 1.546 адвокат камалды. 2.360 сот жана 600 адвокат иштен чыгарылды. Бул тармакта иштеген жүздөгөн кызматкерлерге абак жазасы берилди.

Бул көрсөткүчтөр он миңдеген башка окумуштуулардын, дарыгерлердин, мугалимдин, журналисттин, аскер жана мамлекеттик кызматкерлердин кызматтан алынышына салым кошууда.

Бул өзгөчө адам укуктары жана турмушта башкы мааниге ээ маданияттын эрежелерин жактаган Европа үчүн абдан трагедиялуу көрүнүш.

Мурат Арсланды колдогон бүтүндөй адилеттик тармагындагы кызматкерлер саясий себептерден улам камалып, үй-бүлөөрөү менен бирге мыйзамсыз мамилеге дуушар болушту.

Түркиядагы демократия эрежелеринин жана адам укуктарындагы бузулууларга тынчсызданабыз.

Миңдеген сот өкүлдөрү мыйзамсыз кармалган же шарттуу түрдө эркиндикке чыгарылган. Түрк өкмөтүнөн өлкөдөгү укуктун үстөмдүгүн убакыт өткөрбөстөн артка кайтарылышын талап кылабыз.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!